Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Баку: Тоолуу-Карабактагы референдум мыйзамсыз


Азербайжан Тоолуу-Карабактагы референдумду мыйзамсыз деп эсептейт. Жикчилдер көзөмөлдөгөн Тоолуу-Карабакта 20-февралда референдум өткөрүлдү. Региондун Борбордук шайлоо комиссиясынын 21-февралдагы маалымдоосу боюнча, референдумга катышкандардын 87,6% жарым-жартылай президенттик башкаруудан толук президенттик бийлик системасына өтүүнү жактап добуш берди. Мындан ары Тоолуу-Карабакта премьер-министр болбойт. Президент өзү өкмөттү башкарып, министрлерди дайындайт. Андан сырткары регион Тоолуу-Карабак деген атын Арцах Республикасы деп өзгөрттү.

Референдумга шайлоочулардын 76% катышкан. Тоолуу-Карабакта жергиликтүү армяндар расмий Бакуга каршы чыгып, 1990-жылдардын башынан бери иш жүзүндө регионду көзөмөлдөп келатат. Жаңжалды чечүү боюнча диплломатиялык аракеттер жакшы натыйжа бере элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG