Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Өкмөттүк аскерлер Мариуполду алды


Украин армиясы шаарга таңга жуук кирген.
Украин армиясы шаарга таңга жуук кирген.

Украинада өкмөттүк аскерлер жикчилдер кармап турган Мариупол шаарына кирип келди. Аскерий операция маалында беш жикчил набыт болуп, өкмөттүк аскерлерден дагы бир нечеси жарадар болгон.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков Фейсбуктагы баракчасына өкмөттүк күчтөр жергиликтүү убакыт боюнча саат он жарымда Мариупол шаардык администрация имаратынын үстүнө улуттук желекти желбиреткенин жазды.

Буга чейин куралчан сепаратисттер өкмөттүк аскерлер менен кармаш жүрүп жатканын, алардын арасынан 5 адам мерт кеткенин ырасташкан. Алар украин армиясынын бронетехникасын жардырышканын, андан бир топ аскерлер жарадар болгонун билдиришкен.

Бир күн мурда Украинанын жаңы президенти Петро Порошенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Порошенко сепаратисттер көзөмөлдөгөн Чыгыш Украинага орустардын үч танкы жана башка аскердик техникаларынын өтүшүн эч бир келишкис нерсе деп баалаган.

Москва болсо алардын согуштук техникасы чек арадан өтүп, Украинага киргени тууралуу маалыматтарды четке какты.

Министр Арсен Аваков Орусия тараптан жикчилдер ээлеп алган чек ара бекеттери аркылуу Украинага согуштук техника кирип жатканын белгилеп, анын ичинде үч танка бардыгын ырастаган:

- Орусиянын тынчтык процесси, чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү тууралуу билдирүүлөрүнө карабай, биздин чалгындоолорго жана байкоолорго ылайык үч күндөн бери сепаратисттердин карамагындагы чек ара бекеттеринен аскер техникалары өтүп жатканын байкап атабыз, - деген Аваков чек арадан орустардын “брондолгон техникасы, артиллерия куралдары, ал эми бүгүн эртең менен үч цистерна кирди. Бардыгы Снежин шаарынын аймагына киргизилген” деп кошумчалады.

Бул аймактагы Рейтер агенттигинин журналисттери Снежин шаарында эки танкты көрүшкөнүн жазып чыгышты.

12-июндун кечинде сепаратисттер бийлик имараттарын толук ээлеп алган Донецк шаарында катуу жардыруу болду. Жеринде жүргөн журналисттер имараттын алдында автоунаа күйүп жатканын, анын ичинен үч жарадар адамды алып кетишкенин көрүшкөн.

Өзүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган жикчилдер жардырылган унааны сепаратисттердин лидери Денис Пушилин айдап жүргөнүн, ошол маалда Пушилин машинанын ичинде болбогонун Твиттерге жазышты.

Ал арада Орусия Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине Украинадагы кризис боюнча резолюция долбоорун сунуштады.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркиндин айтканына караганда, Москва сунуштаган резолюция кризисти жөндөөгө чакырып, ЕККУ сунуштаган тынчтык жол картасынын тезирээк кабыл алынышын көздөйт.

Андан мурда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Украинада зобун-зордук токтобой жатканына, сүйлөшүүлөрдөн кийин эч кандай майнап чыкпай жатканына тынчсыздануусун билдирген.

12-июнда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Ламберто Заньер Орусиянын Ростов облусундагы Украинадан келген качкындар лагерине барды. Ал качкындар менен Украинанын чек арасынан 40 чакырым алыс жайгашкан Дмитровка айылында жолугушту. Интерфакс маалымат агенттиги жолугушууда Заньер “башаламандык тезинен токтошу керектигин” айтканын маалымдайт.

Ростов облустук бийлиги маалымдагандай, качкындар лагеринде ушул тапта 4 миңдей адам бар, алардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.

Бир күн мурда Донецк шаарынын мэри Александр Лукьянченко Украинанын президенти менен Жогорку Радага кайрылып, Орусиянын ортомчулугу менен өзүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган облустун өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнгөн.

Президент Порошенко бул жумада Укрианадан чыгып кетүүнү каалаган карапайым адамдарга коопсуздук коридорун түзүп берүүнү сунуштаганы менен азырынча эч кандай кадамдар жасала элек.

XS
SM
MD
LG