Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Республикачылар Трамптын Орусия менен байланышын иликтейт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Сенаттын республикачылар көзөмөлдөгөн чалгын боюнча комитети Дональд Трамптын салык декларациясынын Орусия менен байланышын иликтөө маселеси зарыл болсо күн тартибине киргизет.

Комитет мүчөсү, сенатор Сюзан Коллинздин 22-февралдагы айтуусуна караганда, 2016-жылдагы шайлоого Орусиянын кийлигишкенин иликтеп жаткан комитет мүчөлөрү Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматынан бошотулган Майкл Флинндин көрсөтмө беришин талап кылышмакчы.

Дональд Трамптын жарыялоодон баш тарткан салык декларациясы боюнча суроого Сюзан Коллинз, ал маселе боюнча ыктыярлуу кызматташууга үмүт артарын, зарыл болсо ал күн тартибине киргизилерин белгилеген. “Эгерде жооп алуу зарылдыгы чыкса, анда биз ага барабыз” деген ал.

Коллинз айымдын комитеттеги добушу чечүүчү болмокчу. Демократ сенаторлор Дональд Трампка салык декларациясын жарыялоону талап кылып келатышат. Трамп аны аткаруудан баш тартып, өз чечимин АКШ президенттери арасында аны жарыялабоо боюнча көп мезгилдик салты менен байланыштырган. (AiT)

XS
SM
MD
LG