Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

Украина: мыйзамдуу гумандуулук


Антонина Лубяна азыр Киевдеги №2 клиникада дарыланууда

Антонина Лубяна азыр Киевдеги №2 клиникада дарыланууда

Пост-советтик аймактагы көптөгөн өлкөлөрдө рактын акыркы баскычындагы же башка айыккыс ооруларга чалдыккан бейтаптар ооруну бир аз да болсо баса турган дары-дармектин жетишпегенинен акыркы күндөрүн чыдагыс азап менен өткөрүүгө мажбур. Бирок ушул өңдүү тагдырга туш болгондорго өмүрүнүн соңку мезгилин жеңилдетиш үчүн Украинанын өкмөтү тийиштүү кадамдарга барды.

Антонина Лубяна үчүн акыркы бир жыл оор болду. Биринчиден, ал төшөктөн кулап, жамбаш сөөгүн, колун сындырып алды. Дарылоодон эч майнап болбогондон кийин догдурлар Лубяна сөөк рагы менен көптөн бери ооруп жүргөнүн аныкташты. Азыр сөөктөрү сайып оорутат, үстөлгө да араң отурат.

"Көпкө отура албайм, оорутат. Бир аз бассам, анан кайра бир-эки саат жатканга туура келет. Ооруну же үкөл менен, же мына бул дарылар менен бир аз басканга аракет кылам. Бирок сөөгүм ооруганы толук калбайт, дайыма сыздап оорутуп турат. Айрымдар кыска мөөнөткө оору калат дешет, менде андай эмес", - дейт ал.

Омуртка сөөгүнөн тарта бутунун учуна чейин зыркырата сайган ооруну басыш үчүн Лубяна “Олфен” үкөлүнөн сайынат.

Ал мурдагы Советтер союзунун аймагында өзүнө окшоп, өмүрүнүн акыркы күндөрүн санап жаткан бейтаптарга мыкты медициналык колдоо жоктугунан, тийиштүү дары-дармектин кеңири берилбей жатканынан азап чегүүгө мажбур жүз миңдеген оорулуулардын бири.

Оор тагдырына карабай, Лубяна азыр көптөр тизмеге илине элек ийгиликтүү бейтаптардын бири десе да болот. Анткени ал азыр постсоветтик көпчүлүк мамлекеттерде али ишке кире элек мыкты камкордукка алчу Киевдеги атайын ооруканада каралгандардын катарына кирди. Бул эле эмес, анын өлкөсү Украина региондо быйыл рактан, СПИДден жана башка айыккыс оорулардан жапа чеккендерге катуу ооруну жеңилдетчү дарыларды колдонууну легалдаштырууну чечкен биринчи мамлекет болуп калды.

Диедерик Лохман - Human Rights Watch уюмунда ден соолук боюнча жогорку иликтөөчү – бул окуяны “үйүндө азабына чыдагыс ооруну сезип, өлүмдү күтүүдөн башка аргасы жок” болуп келген акыркы фазадагы катуу оорулуулар үчүн “чыныгы жеңиш” деп атады.

"Догдурлар: “Мындан ары биз сизге жардам бере албайбыз. Ракты дарылоого мүмкүн болгон учур өтүп кетти же ооруну мурдагы деңгээлинде кармап турчу дарылар иштебей калды”, - деши мүмкүн боло турган учур болот, - дейт изилдөөчү. - Ошол бейтаптардын көбүнө: “Мындан ары медицина эч нерсе кыла албайт, үйгө алып кеткиле, өлүмдү күткөндөн башка арга жок”, - дешет".

Украинада бейтаптар узак убактан бери суюк морфий сыяктуу катуу ооруну басчу наркозаттарды алып келишкен. Бирок маңзаттарды алуунун жеңилдетилиши анын кеңири таркап кетишине алып келиши ыктымал деген кооптонуу өтө татаал бюрократикалык тосмолорду жаратты.

Маселен, морфийди сатып алыш үчүн бир эле рецептке төрт башка догдурдун мөөрү талап кылынчу, аны алгандан кийин атайын медициналык мээрбан гана үйгө барып, аны сайганга укугу бар эле.

Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм эң эле татаал оорулуу бейтаптарга ооруну басыш үчүн 24 сааттын ичинде алты жолу ошондой маңзатты сайып турууну сунуштаган. Бирок Украинада бул мүмкүн эмес, анткени медициналык кызматкер бейтаптын үйүнө ашып кетсе күнүнө эки гана жолу бара алат.

Натыйжада, өзгөчө айыл жерлериндеги оорулуулар бир нече саат же күндөр бою адам чыдагыс оору менен жатканга мажбур. Ошон үчүн андай тозоктон арылыш үчүн жанын кыйган учурлар аз эмес.


Украинада Саламаттыкты сактоо министрлигинин жактыруусу менен май айында күчүнө кирген жаңы мыйзам үйдө жатып калган андай оорулууларга 15 күнгө чейин жетерлик дарыны алууга уруксат берет.

Эң эле башкысы – бул мыйзам Батышта 1977-жылдан бери эле колдонулуп келаткан морфий таблеткаларды өндүрүп чыгарууга жол берет. Аны колдогондор алгачкы жолу Украинада рактын акыркы стадиясында калган оорулууларга медициналык кызматкердин келишин күтпөй эле өзүнө керектүү дарыны туугандарынын жардамы менен үйдө колдонууга жол берип жатат дешет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG