Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

"Украинадагы окуяларды туугандарым менен талкуулабайм"


Мурдагы украин оппозициясынын Майдандагы митингинин катышуучусу. 2-декабрь, 2013-жыл
Мурдагы украин оппозициясынын Майдандагы митингинин катышуучусу. 2-декабрь, 2013-жыл

Нина Соловенко 2006-жылы Кыргызстанда мектепти бүтүрүп, ал кездеги студенттерди алмашуу программасы боюнча Киевге окуганы барган.

Университетти аяктап, азыр Киевдеги бир компанияда иштейт. Ал Украинадагы окуяларды чагылдырууда эки тарапта тең маалыматты бурмалоо болуп жатканына кабатырлыгын айтат.

"Азаттык": Украинада башка өлкөлөрдөн көчүп барган украиндерге, чет элдиктерге мамиле кандай экен?

Нина: Мен бул жерде башка өлкөлөрдөн келген украиндер менен көп эле сүйлөшүп калам. Украин эмес, кыргыздар менен да көп байланышам. Негизи Украинада бардык улуттардын өкүлдөрүнө сылык, сый-урмат менен мамиле жасалат деп айтсам болот. Украиндер мени менен сүйлөшкөндө Кыргызстанга аябай кызыгышат, толгон-токой суроо берип, кайдыгер калышпайт.

Киев
Киев

Мен өзүм украин болгонум менен орусча сүйлөйм, орус тилдүүмүн. Киевде тогуз жылдан бери жашап жүрүп, бир да жолу "сен орусча сүйлөйсүң" деген жаман мамилеге туш боло элекмин. Кыргызстанданмын десем, турист болуп барса эмнеси кызык, салттары, маданияты кандай, кышында лыжа тепкенге болобу, Ысык-Көлдө эс алуу кандай деп суроо жаадырышат.

"Азаттык": Кыргызстандан баргандар чогулуп турасыңарбы?

Нина: Ооба, биз, Кыргызстандан баргандар кыргыз, орус, украин деп бөлүнбөй чогулуп, катышып турабыз. Мекенибиз бир да. Алыска кеткенде, салттарды, өлкөңдү сагынасың да. Бул жерде “Украинадагы кыргызстандыктар” деген уюм бар. Анын жетекчиси Таалайбек Сариев баарыбыз менен байланышып, Нооруз, Эгемендик күндөрүндө бизди чогултуп, иш-чараларды уюштуруп келатат. Бири-бирибиз менен байланышты үзбөсөк, мекенибиз менен да байланыш үзүлбөйт эмеспи.

"Азаттык": Сиз 2006-жылы Украинага барганда жагдай башка эле. Азыр согуштук аракеттер жүрүп атат. Баары өзгөрдү. Соңку бир жылдан берки окуялар сиздин жашооңузга кандай таасир этти?

Путиндин жылдык маалымат жыйынында сүйлөгөнүн көрүп жаткан адам. 18-декабрь, 2014-жыл
Путиндин жылдык маалымат жыйынында сүйлөгөнүн көрүп жаткан адам. 18-декабрь, 2014-жыл

Нина: Психологиялык жактан кыйын болот экен. Майдандагы толкундоолор башталгандан бери эле жалаң жаңылыктар менен жашап калдык. Дагы эмне болуп атат деп жаңылыктарды аңдып эле отурабыз. Бир жылдан ашып калды, өлкөдөгү окуяларга тынчсызданып, сарсанаа тартып, тынчтана албай жашап келатабыз.

Киевде азыр тынчыраак деңизчи. Бирок Донбасс менен Лугансктагы окуялар эмоционалдык жактан баарыбызды чыңалтып турган чак. Экономикалык жактан доллар кымбаттап кетти, айлыгыбыз көтөрүлгөн жок. Компаниялар жабылып, иш орундары кыскарууда. Товарлар, коомдук транспорт, коммуналдык төлөмдөр – баары кымбаттап кетти. Жумушсуз калган тааныштарым көбөйүп атат. Эртең эмне болот деген тынчсыздануу баарыбыздын көңүлүбүздү өйүп келатат. Ошентсе да, буюрса баары жакшы болот, өнүгүү башталат деген үмүткө байланып турабыз.

"Азаттык": Киевде жашагандар өлкөнүн чыгышындагы окуяларды кандай кабыл алууда?

Украинанын чыгышындагы өкмөттү жоокер
Украинанын чыгышындагы өкмөттү жоокер

Нина: Баары эле аябай кабатырланып турушат. Армияга кетип аткандар көп, чакыртып да алып кетип жатышат. Бул жерде "өлкөнүн чыгышындагы антитеррордук операция" деп айтылат ал согуш. Урушка баргандар аман калабы, эмне болот деген сарсанаа, кайгы көпчүлүктүн көзүнөн окулат.

Киевде жашаган тааныштарым армияны колдоого деп акча, кийим-кечек, тамак-аш – колунан келгенин берип аткандар аябай көп. Армияга жардам кабыл алуу пункттары бардык жерлерде ачылган. Ал жактарга эл үзбөй кирип чыгып атканын көрүүгө болот. Баары эле чыгышта эмне болуп атат деп телевизорду тиктеп, маалымат издеп жүргөндөр.

"Азаттык": Маалымат согушу болуп атканын сезип атсаңар керек? Бир тарабы бирди айтат, экинчиси таптакыр башканы...

Нина: Ооба, мен украин телеканалдарын көргөндөн кийин интернеттен Орусияныкын да салыштырып көрүп калам. Донбасс менен Луганскта эмне болуп атканын, реалдуулукту, чындыкты көргөзгөндөр аябай аз. Аша чапкандык, же чындыкты жашыруу эки жакта тең бар. Аша чаап, маалыматты абсурдга айландыруу жагынан орус телеканалдары эч кимди алдыга чыгарбайт го.

Менин Кыргызстанда жашаган туугандарым, досторум ошол орус телеканалдарын көрүшөт эмеспи. Алар менен саясатты такыр сүйлөшпөй калдым. Анткени алар Украинада эмне болуп атканын таптакыр түшүнүшпөйт.

Окуяларды бурмалоо эки жакта тең бар – орустарда да, украиндерде да. Мен баарын эмоцияга алдырбай, маалыматты ар башка булактардан алып, жакшылап изилдегиле деп айтаар элем. Кыргызстандагы тааныштарым менен Украинадагы окуяларды талкуулай албайм, ал теманы козгобойм дагы. Анткени алар бир тараптуу маалыматка сугарылып калышкан.

P.S.: Маектештин суранычы боюнча аты өзгөртүлүп берилди.

XS
SM
MD
LG