Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Меркел украин оппозициясы менен сүйлөштү


Ангела Меркел украиналык оппозиция лидерлерин Берлиндеги кеңсесинде тосуп алууда, 17-февраль, 2014
Ангела Меркел украиналык оппозиция лидерлерин Берлиндеги кеңсесинде тосуп алууда, 17-февраль, 2014

Украиналык оппозиция лидерлери өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулаш үчүн Берлинде немис канцлери Ангела Меркел менен жолугушту. Виталий Кличко менен Арсений Яценюктун Меркель менен сүйлөшүүлөрү кечээ өттү.

Немис канцлери менен сүйлөшүүдөн кийин Кличко журналисттерге сүйлөп, ал украин президенти Виктор Янукович менен анын айланасындагыларга санкция жарыялоого, акча уурдоо болбошу үчүн Украинадан банктар аркылуу чыгарылып жаткан акчанын жүрүшүн иликтөөгө үндөгөнүн айтты.

- Сүйлөшүүлөрдүн кандай жүргөнүнө мен канааттанам жана ал Украинадагы саясий проблемаларды чечүүгө жардам болот деп үмүттөнөм. Буга кызыккандардын баары Украинаны саясий жана экономикалык жактан стабилдүү өлкө катары көргүсү келгендер, - деди Кличко.

Меркель болсо Яценюк менен Кличкого Германия жана Евробиримдик Украинадагы кризистин аягы “позитивдүү жыйынтыкка” алып келиши үчүн колдон келгендин баарын жасайт деп ишендирди.

Меркелдин расмий өкүлү Штефен Зайберт Украинада абактагы демонстранттардын азаттыкка чыгарылышы жана Киевде басылып алынган өкмөттүк имараттардын жекшембиде бошотулушу өкмөт менен оппозиция жалпы кызыкчылык үчүн иштей алат дегенди билдирет дейт.

Яценюк болсо жолугушууда азыр украинада зарыл болуп турган бардык тараптардын кызыкчылыгына төп келчү өкмөт жөнүндө айтканын билдирди:

- Украина президенттик системадан парламенттик-президенттик башкаруу системасына өтүшү керек. Биз президент менен өкмөттү азыр өлкөнү чыныгы демократиялык өлкөгө айландырчу парламенттик-президенттик республика деп жарыялай турган мыйзамды сунуштоого үндөп жатабыз.

Яценюк андан ары сөзүн улап, андай өкмөт куралгандан кийин Европа менен Батыштагы өнөктөштөрдөн жардам болооруна үмүттөнөөрүн айтты:

- Биз алдыда Эл аралык Валюта кору менен баары бир сүйлөшөбүз го деп жатабыз. Валюта Кору жана башка эл аралык институттар менен сүйлөшүүлөрдү жандандырышыбыз керек, анткени бул биздин экономиканы стабилдештирип, инвестицияны көбөйтүүгө, азыр реалдуу болуп калган кудуретсиздик коркунучунун алдын алууга жардам болот.

Яценюк Украина азыр Орусия менен да мамилеге муктаж экенин, бирок ал кызматташтык Евробиримдиктин стандарттарына төп келиши зарыл экенин кошумчалады.

- Биз Европага ыктаган өкмөттүү болууну, ошол эле маалда, орусиялык өнөктөштөрүбүз менен ачык мамиле курууну каалайбыз. Орусия Украина боюнча айкын жана түшүнүктүү саясат иштеп чыгышы керек. Биз өзүбүздүн орусиялык өнөктөштөргө европалык досторубуздун бизге карата мамилесине көз жүгүртүүнү сунуштайт элек. Ар ким өзүнүн реалдуу максатын ачык көрсөткөнү жакшы, - деди украин оппозициясынын лидерлеринин бири Арсений Яценюк.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG