Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Жогорку Рада митингдерди "муунтмак" болду


Жогорку Раданын депутаттары мамлекеттик гимнди ырдап жатышат. 02.22.2013
Жогорку Раданын депутаттары мамлекеттик гимнди ырдап жатышат. 02.22.2013

Украин парламенти - Жогорку Рада кабыл алган жаңы мыйзамдар уруксатсыз жайларда көчө жүрүштөрү менен нааразылык акцияларды өткөрүүгө жол бербейт.

Жаңы жобо боюнча коомдук жайларда бийликтен уруксатсыз чатыр тигилип, сцена орнотулуп, үн күчөткүчтөр пайдаланылса, 640 долларга чейин айып салынат же тийиштүү адамдар 15 күнгө эркинен ажыратылат.

Уруксатсыз митингди түрдүү шайман-техника менен жабдыган уюмдар жана адамдар 1275 долларга чейин айып төлөйт же 10 күнгө чейин абакка отургузулат.

16-январда Жогорку Раданын регламентине киргизилген түзөтүү депутаттардын ишин парламенттин атайын комиссиясында карабай туруп, кол тийбестик укугунан ажыратканга мүмкүндүк берди.

Өкмөтчүл саясатчылардын ырасташынча, жаңы кабыл алынган жоболор элди коомдук тартипти сактабаган жана мамлекеттик мекемелердин ырааттуу иштөөсүнө тоскоолдук кылгандардан коргойт. Бул демилгенин авторлорунун бири, башкаруучу Региондор партиясынын мүчөсү, депутат Вадим Колесниченко митинг-нааразылык акцияларга каршы жоболордун зарылдыгын “Азаттык” радиосуна мындай деп негиздеди:

- Тынч демонстрация өткөрүү Конституция жана тийиштүү мыйзам тарабынан корголгон. Адамдарга коркунуч туудурган ар кандай аракет тынч демонстрация эмес. Тынч демонстрация, тынч пикет мамлекеттик мекемелердин же ар кандай уюмдардын ишин токтотпойт, өкмөттүн атайын көңүл буруусун талап кылбайт.

Адам укугун коргоочулар жана оппозиция лидерлери жаңы мыйзам өкмөттүн сынчыларын "мамлекеттин душманы" деп каралаганды жеңилдетет деп эсептешет. Адам укугун коргоочу Аркадий Бушченко “Азаттыкка” эми кимди да болсо мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш кылды деп күнөөлөгөнгө жеңил болорун айтты:

- Мен эгер Колесниченко мамлекеттик кызыкчылыкка каршы аракеттенди десем, бул "саясий аракет" деп бааланат. Биз бийликке адамдарды түрмөдө кыйнаганды токтоткула деп айтсак, аны "мамлекеттик саясатка киришүү" деп чечмелешет. Эгер чөнтөгүбүздө эки доллар болсо, "чет элдик агент" болобуз.

Оппозициядагы УДАР партиясынын лидери, парламент мүчөсү Виталий Кличко 16-январда Майданда сүйлөп, жаңы мыйзамдар жарандардын эркиндигин бузат деп, ал үчүн президент Януковичти күнөөлөдү:

- Бүгүн парламентте жаңы орой мыйзамдар менен адамдардын жарандык укуктарын жана эркиндигин шыпырып алышты. Адамдар мындан ары аянтка чыга алышпайт, чатырларды курууга акысы жок. Адамдар коррупцияга баткан соттор жөнүндө сөз кыла алышпайт. Украинанын белин бүккөн бул диктаторлуктун артында Виктор Янукович турат.

Украин парламенти Кылмыш-жаза кодексине да түзөтүү киргизип, расмий адамдарды каралоону жана сындоону кылмыш деп аныкташты. Бул түзөтүүгө ылайык, экстремисттик материалдарды маалымат каражаттары жана интернет аркылуу таркаткан адамдар жоопко тартылат.

Европа Биримдигинин Украинадагы элчиси Ян Томбинский мыйзам жоболору регламентти бузуп, ачык кол көтөрүү менен бекитилгенине көңүл бурду.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму Венада жасаган билдирүүсүндө украин бийликтерин “сөз жана маалымат эркиндигин чектөө аракетин токтотууга” чакырды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти да “терең тынчсыздануу” билдирди. Жогорку Рада бекиткен жоболордун айрымдары “ жарандардын тынч демонстрация өткөрүү укугун жана сөз эркиндигин, ошондой эле көз карандысыз маалымат булактарын чектейт, бейөкмөт уюмдардын ишин татаалдантат,” - деп айтылат Мамдепартаменттин өкүлү Жен Псакинин билдирүүсүндө.

Украин бийликтеринин бул кадамдары президент Виктор Янукович ноябрда Евробиримдик менен Ассоциациялык мүчөлүк жана эркин соода боюнча келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин Киевде жана башка шаарларда тынбай уланган антиөкмөттүк митингдерди токтотууга багытталды. Азыр да Киевдин борбордук майданында нааразылыктын жүздөгөн катышуучулары турат.

XS
SM
MD
LG