Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Украина: Жогорку Рада өкмөттү кетире алган жок


Президент Петро Порошенко Арсений Яценюктун өкмөтү боюнча турумун 16-февралда гана ачыктады.
Президент Петро Порошенко Арсений Яценюктун өкмөтү боюнча турумун 16-февралда гана ачыктады.

Украин парламенти – Жогорку Рада премьер-министр Арсений Яценюктун өкмөтүн кызматтан кетире алган жок.

Өкмөткө ишеним көргөзбөө маселеси кечээ парламентте добушка салынардын жуп алдында Яценюкту премьерлик орунду бошотууга президент Петро Порошенко өзү да чакырган эле. Өкмөттү кайра түзүү Украина үчүн соңку саясий кризистен чыгуу аргасы катары каралып жаткан.

Президент Петро Порошенко 16-февралдагы билдирүүсүндө премьер-министр Арсений Яценюкту кызматтан кетүүгө чакырышын өкмөткө ишеним жоголгонуна байланыштырды:

- Коомдук ишенимди калыбына келтирүү үчүн терапия жетишсиз, эми ага операция талап кылынууда. Өкмөттү жарым-жартылай жаңылай турган учур өтүп кетти. Ал боюнча талкуу абдан узакка созулгандыктан, маселенин актуалдуулугу да жоголду. Азыр өкмөттү толугу менен кайра жаңылоо талабы айныксыз болуп турат. Премьер-министрде бул талаптын ишке ашуусунун эң жакшы жолун тандоо мүмкүнчүлүгү бар.

Президент Порошенко жаңы өкмөт учурдагы башкаруучу коалициянын негизинде эле кайра куралуусуна жана саясий туруктуулукту сактоо зарылдыгына басым жасаган эле:

- Мен Украинада акыркы эки жылдагы төртүнчү шайлоо өнөктүгүнө убакыт бөлгүдөй шарт жок деген ишенимдемин, өзгөчө тышкы агрессиянын фонунда. Баарынын баарына каршы ички саясий күрөшү биздин чыгыштагы коңшубуздун кыялында турган иш. Дал ушул эң жаман сценарийге жол бербөө үчүн менен азыркы кризистен чыгуу боюнча көз-карашымды айтып жатам. Парламентти таратуу президенттин милдети эмес, укугу. Биз буга жол бере албайбыз, мен парламентти таратууга башка арга калбай калганда гана баруу ниетиндемин.

2014-жылдын октябрындагы шайлоодон кийин куралган башкаруучу коалицияга башында беш саясий күч: “Петро Порошенконун блогу”, премьер Яценюктун “Элдик майданы”, мурдагы премьер Юлия Тимошенконун “Батькивщина”, Львов шаарынын мэри Андрей Садовыйдын "Самопомощь” жана улутчул саясатчы Олег Ляшконун Радикалдык партиясы кирген. Бирок 19 депутаты бар Радикалдык партия коалициядан былтыр сентябрда чыгып кеткен.

Өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар. Киев, 16-февраль, 2016-жыл.
Өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар. Киев, 16-февраль, 2016-жыл.

Ал эми коалициянын калган мүчөлөрүнөн Яценюктун өзүнүн “Элдик майдан” партиясынан башкалары өкмөткө ишеним көргөзбөй тургандыктарын соңку күндөрү ачык эле ишара кылып жатышкан.

“Петро Порошенконун блогу" фракциясы болсо өз жыйынында өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп таап, премьерди кетирүү үчүн кол топтоого да киришкен.

Премьер Яценюктун 16-февралда парламентте отчет бериши сыртта анын кызматтан кетишин талап кылган бир нече жүз адамдын нааразылык акциясы менен коштолду.

Евробиримдик менен интеграцияны жактаган саясатчы катары таанымал Яценюк сөзүндө колдон келгендин баарын жасаганына токтолуу менен Украинанын жаңы келечеги реформаларга көз каранды экенин эскертип өттү:

- Силердин чечимиңер кандай болгонуна карабай биз токтоп кала албайбыз. Биз жаңы өлкөнүн негиздерин түптөдүк, келгиле, эми жаңы европалык Украинаны куралы. Парламент кандай чечим чыгарбасын биз кабыл алабыз. Бирок ага карабай мен президентти, парламентти, жоопкерчиликтүү саясий спектрди реформаларды карай багытта алдыга жылууга чакырам. Биздин өлкө, биздин келечек үчүн жалгыз туура жол - ушул.

Карама-каршы чечим

Премьер Яценюктун отчету угулгандан кийин азыр 422 орундуу украин парламентинин 274 депутаты өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапты, бирок өкмөткө ишеним көргөзбөө жөнүндө резолюция добушка коюлганда 194 эле депутат колдоду.

Башкача айтканда бул үчүн талап кылынган 226 добушка 32 добуш жетпей калды. Премьердин кетишин негизинен коалициядагы "Петро Порошенконун блогу”, “Батькивщина”, "Самопомощь” фракциялары жана Радикалдык партия жактаса, мурдагы президент Виктор Януковичтин талапкерлеринен турган "Оппозициялык блоктун" көпчүлүк мүчөлөрү добуш бербей чыгып кетишкен.

Коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктары Виктор Янукович кулатылгандан кийин бийликке келген батышчыл өкмөттөн украиналыктардын көңүл калуусу күчөп бара жатканын каңкулоодо.

Өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылгандар. Киев, 16-февраль, 2016-жыл.
Өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылгандар. Киев, 16-февраль, 2016-жыл.

Ушул айдын башында экономика министри Айварас Абромавичустун өкмөттүн “системалык жана маанилүү” реформаларынын баарына бут тосулганын айтып, кызматтан кетүүсү Украинанын батыштык өнөктөштөрү арасында терең тынчсыздануу жараткан эле.

Ал эми өлкөнүн башкы донору – Эл аралык валюта кору каражат бөлүүнү убактылуу - Киевдеги саясий абал бир жаңсыл болмоюнча токтотуп койгон.

Кечээ Украинада президент Петро Порошенконун чакырыгынан кийин башкы прокурор Виктор Шохин кызматтан кеткени кабарланды.

Жогорку Радада башкы прокурорду коррупцияланган чиновниктерди колдогону, өң –тааныштыкка таянганы, Майдан активисттерине каршы кылмыш иштерин тергөөнү создуктурганы үчүн айыпташкан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG