Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Украина: Тил маселеси кайрадан курчуду


Украин тилин коргоо боюнча Харьковдогу акция. 20-август, 2012-жыл.
Украин тилин коргоо боюнча Харьковдогу акция. 20-август, 2012-жыл.

Украинада октябрь айына белгиленген парламенттик шайлоону утурлай тил маселеси кайрадан курчугандай. Харьков шаарында кечээ орус тилинин макамын көтөрүүгө жол ачкан документ талкууланып жаткан кезде жаалданган украиндер тобу мэриянын имаратына күч менен кирүүгө умтулушту. Бул аралыкта украин оппозициясы башка бир катар маселелер менен катар тил боюнча талаштуу мыйзамга кол койгону үчүн өлкө президентине импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүп чыкты.

Украин оппозициясынын ырастоосунда, алар президент Виктор Януковичке импичмент жарыялоонун алгачкы баскычына киришип, өлкөнүн Жогорку Административдик сотуна доо арыз жолдошту. Киевде дүйшөмбү күнкү басма сөз жыйында оппозиция лидерлеринин бири Арсений Яценюк буларды айтты:

- Биз бүгүн президент Януковичке импичменттин биринчи этабы башталганын жарыялайбыз. Бириккен оппозиция Жогорку Административдик сотко доо арыз берди. Ал доону 309 миңден ашуун адам колдоду. Биз эми парламенттен 226 добушка муктажбыз. Бул парламент комиссия түзө аларынын жана президент Януковичке импичмент жарыялоого укук аларынын кепили болот.

Украин оппозициясы азыр президент Януковичтин “украин элине каршы жасаган кылмыштары расмий таанылуусу керек” деп эсептөөдө.

Андай кылмыштар катары оппозиция президенттин “пенсия мыйзамына, салык кодексине, тил жөнүндөгү талаштуу мыйзамга кол коюшун, өкмөттү мыйзамсыз дайындоосун жана “Конституциялык соттун судьяларына кысым көргөзүүсүн” атоодо.

Оппозиция айтып жаткан тил маселесинин күндөлүк турмуштагы чагылышы кечээ өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Харьков шаарынан дагы бир жолу көрүнгөндөй болду.

Демонстранттар мэрияга кирүүгө умтулууда. 20-август, 2012-жыл.
Демонстранттар мэрияга кирүүгө умтулууда. 20-август, 2012-жыл.
Шаардык кеңеш “Мамлекеттик тил саясатынын негиздери жөнүндөгү” мыйзамды ишке ашыруу үчүн добуш берип жатканда “Орусташууга жол жок”, “Шерменделик” деп кыйкырган жүздөн ашуун демонстрант полициянын курчоосун бузуп, мэриянын имаратына күч менен кирүүгө аракеттеништи.

Полиция демонстранттардын имарат ичине кирүүсүнө жол берген жок. Ошентип Харьков Украинанын орус тилине аймактык макам берген кезектеги шаары болуп калды. Ага чейин мындай кадамды бир катар облустук жана шаардык кеңештер жасаган.

“Мамлекеттик тил саясатынын негиздери жөнүндө” украин бийлиги менен менен оппозициясынын каршылашуусун жараткан, парламенттеги добуш берүү мушташ менен коштолгон мыйзам өткөн айда башкаруудагы Региондор партиясынын демилгеси менен кабыл алынган. Августун башында ага президент Виктор Янукович кол койгон болчу.

Документ тигил же бул аймакта калктын 10 пайыздан кем эмес бөлүгү улуттук азчылыктын тилинде сүйлөсө, ал тилди иш жүзүндө мамлекеттик тилге теңештирет.

Анткен менен азырынча мындай тил катары аймактык бийликтер тарабынан орус тили гана таанылууда.

Маселен крым татарлары жашаган Крым автономиясында жергиликтүү парламент тил маселесин октябрга чейин калтырып койду. Татар активисттери муну эгер Крымда орус тили украин тилине теңештирилсе, крым-татар тилинин макамын көтөрүү маселеси да күн тартибине чыгары менен түшүндүрүшүүдө.

Тил мыйзамын кабыл алуу украин парламентинде мушташ менен коштолгон.
Тил мыйзамын кабыл алуу украин парламентинде мушташ менен коштолгон.
Бирок украин парламенти - Жогорку Раданын Маданият жана дин иштери боюнча комитетинин төрагасы, оппозиция өкүлү Владимир Яворивскийдин “Азаттыктын” орус кызматына айтканына караганда, мыйзамдын иштөөсүнө тоскоолдук кылган жүйөөлүү себептер да бар. Алардын бири мыйзамды аткаруу үчүн жылына 2 миллиард доллардан ашуун каражат талап кылынаары:

- Мыйзамдын башынан эле келечеги жок болчу. Котормолор үчүн ири суммадагы акча керек. Анткени айылдык кеңештерден тартып, Жогорку Радага чейин бардык документтерди украинден орус тилине жана тескерисинче которууга туура келет. Парламент комитетинин төрагасы катары кат жиберип, Каржы министрлигинен мыйзамды аткарууга бюджетте акча жоктугу, бери дегенде 17 миллиард гривен керектиги тууралуу жооп алдым. Ушундан улам өкмөт жоопкерчиликти өзүнө алуудан чочуп, каржылоону жергиликтүү бюджеттерге жүктөгөн. Аларда кырдаал мындан да жаман. А түгүл жол оңдоого акча жок болсо, каражатты кайдан табышат. Алар (бийлик партиясы) мыйзамды Януковичке жагынуу үчүн кабыл алып, өздөрүн -өздөрү туңгуюкка кептешти.

Эгер 28-октябрдагы парламенттик шайлоодо жеңсе, мыйзамды таптакыр жокко чыгарууну убада кылган оппозиция 24-август - Украинанын Көз карандысыздык күнү украин тилин коргоочуларды жалпы улуттук акцияга алып чыгууну мерчемдөөдө.

Мыйзамдын ишке ашуусу реалду эместигин сезгенби, соңку маалыматтарга караганда, президент Виктор Янукович да ага өзгөртүүлөрдү даярдоону өкмөткө тапшырган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG