Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

Украина саясий кризиске учурады


Айварас Абромавичус
Айварас Абромавичус

Экономика министри кызматтан кетиши өлкөнү саясий кризиске кептеди. Мындан улам Эл аралык валюта кору Украинага берилчү каражатты токтотуп, өкмөттөгү абал бир жаңсыл болушун күтүп калды.

Украинада өктөн жумада Айварас Абромавичус Экономика министрлигинен кетиши өлкөнү саясий кризиске кептегенден тыш эл аралык кредиторлор менен алакаларга да көлөкө түшүрдү. Финансы министри Наталия Яреско жергиликтүү телеканалдардын бирине эми Эл аралык валюта кору украин өкмөтүнүн тагдыры чечилмейинче, өлкөгө бөлүнгөн каражатты кармап турарын билдирди.

Арсений Яценюк баштаган өкмөттүн рейтинги төмөндөшү да өкмөт курамында ири өзгөрүүлөр болушу ыктымалдыгы тууралуу божомолдорго жем таштады. Мындан тышкары ушул айдын орто ченинде парламент өкмөткө ишеним көргөзбөө маселесин козгоп, аны колго салышы мүмкүндүгү айтыла баштады.

Киев өткөн октябрдан бери Эл аралык валюта кору, Европа Биримдиги жана АКШ убада кылган 40 миллиард долларлык пакеттин кезектеги траншын күтүүдө. Саясий кризиске чейин эле 1, 7 миллиард доллар өлчөмүндөгү кезектеги транш берилбей турган. Ал насыя өлкөдө экономикалык өнүгүү жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатында реформалар жүргүзүлгөндө гана берилмекчи.

- Эл аралык валюта кору саясий түзүм эмес, бирок алар аткаруу бийлигинде айкындыкты жана өкмөт буга чейин алган милдеттенмелерин аткарат деген кепилдиктерди каалашат, алар бизден кийин келчү өкмөткө деле жардам берет, бирок ал өкмөт да биз бир жыл мурда алгандай жоопкерчилик менен милдеттенме алышы керек, - деди финансы министри Яреско 8-февралда.

Мындай кырдаал түзүлүшүнө өткөн жумада экономика министри Айварас Абромавичус өкмөттүн “системалык жана маанилүү” реформаларынын баарына бут тосулганын айтып, кызматтан кетүүсү себеп болду. Ал анда коррупциялашкан тараптардын кызыкчылыгы үчүн "тактеке" боло албасын билдирип, президент Порошенконун жакын санаалаштарынын бири, таасирдүү олигарх жана депутат Игорь Кононенкону өкмөттүн ишине кийлигишип, майлуу орундарга өз кишилерин түртөт деп айыптаган. Бирок Кононенко мындай айыптоону дароо эле “акылга сыйбайт” деп четке каккан.

Мурдагы министр Айварас Абромавичус Киевдеги маалымат жыйынында буларды айтты:

- Айрым саясатчылар мамлекеттик компаниялардагы маанилүү орундарга дайындоолорго басым жасап, көрсөтмө берген учурлар бар. Экономика министринин орун басарлык кызматы үчүн да ушундай иш болгон. Андыктан Коррупцияга каршы улуттук бюро бул маселени карашы керек. Жаңы түзүлгөн бул бюрого азыр коомчулук зор үмүт менен карап турат.

Мурдагы министр бул боюнча аталган мекемеге маалымат берерин, бул үчүн бир канча далилдүү документтерди топтогонун да кошумчалады.

Өзү литвалык 40 жаштагы Айварас Абромавичус президент Порошенко реформаларды алга жылдырып, экономиканы жандантуу аракетинде өкмөткө алып келген чет элдиктердин бири болчу. Бирок коррупцияны жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдү четтетүү боюнча иштер жакшы жылбай жатышы өлкө ичинде да, сыртында да нааразылыктарды жараткан.

Канткен менен анын кызматтан кетиши парламенттин өкмөткө нааразылыгы күчөп, ири бизнес магнаттардын саясий кызыкчылыктары кагылышып жаткан учурга туш келди. Бул кадам аз жерден украин өкмөтүн да толугу менен шыпырып түшө жаздаган. Айварас Абромавичус министрликтен кетиши Эл аралык валюта кору менен Украинага шериктеш батыш өкмөттөрүнүн да көңүлүн бурду. Батышта ал алдыңкы реформаторлордун бири катары саналып жаткан.

Эл аралык валюта корунун башчысы Кристин Лагард реформачыл экономика министри кызматтан капыстан кеткенине бушаймандык билдирип, бирок буга байланыштуу Украинаны финансылоо программасында кандайдыр бир өзгөрүү болор-болбосун айткан эмес.

Украинанын экономикасы былтыр он проценттен ашыгыраак кыскарган. Өлкө экономикасын калыбына келтирүү жана Орусиянын таасиринен чыгуу үчүн эл аралык насыя менен каржылык колдоого муктаж. Мындан тышкары чыгыштагы орусиячыл жикчилдерге байланышкан абалды да жөнгө салышы керек. Өлкөнүн өнөр жайлуу чыгыш аймагы 2014-жылдын апрелинен бери жикчилдердин колунда. Президент Петро Порошенко жикчилдер ээлеп аймактар быйыл кайра алынарын жыл башында билдирген.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG