Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Украина: Порошенкону сынаган шайлоо


Украинадагы жергиликтүү шайлоо
Украинадагы жергиликтүү шайлоо

Жекшембиде Украинада жергиликтүү шайлоолор өттү. Байкоочулар бул шайлоонун жыйынтыгы президент Петро Порошенконун өлкөдөгү согушту токтотуп, экономиканы оңдоо жолундагы иш-аракети кандай бааланып жатканын көрсөтөрүн айтууда.

25-октябрдагы шайлоодо украиналыктар шаар башчылары жана жергиликтүү кеңештер үчүн добуш беришти. Шайлоо орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн облустар менен Орусия аннексиялап алган Крымдан башка аймактарда өттү.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын добушканалар жабылгандан кийин берген маалыматына караганда, шайлоого 46,5% эл катышкан. Байкоочулар бул сан шайлоого эл аз келгенин көрсөткөнүн белгилешүүдө. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын эсептеген экзит-полдордун маалыматында, Петро Порошенконун партиясы жана ага ылым санаган партиялар көпчүлүк шаардык жана облустук кеңештерде басымдуу орундарга ээ болушу мүмкүн.

Добуш берүү Украина чыгышында 18 айдан ашык убакытка созулган согуш токтобой жатканына нааразылыктар күчөп турган учурга туш келди. Киев бул согуштун алдыңкы катарына 83 миң аскерин таштаса да козголоңчуларды жеңе албай жатат. Батыш менен Киев жикчилерге аскерий колдоо көрсөткөнү үчүн Москваны айыптаса, орус бийликтери аны четке кагып келет.

Ошол эле учурда өкмөт согуштан улам солгундап кеткен өлкө экономикасын жанданта албады. Буга маанилүү индустриялдык райондор жикчилердин колунда калышы да терс таасирин тийгизди. Бул Украинаны батыш менен эл аралык уюмдардын каржылык көмөгүнө көз карандылыкка алып келди.

Элдеги нааразылык бир канча майда партиялардын жаралышына себеп болуп, жергиликтүү шайлоолорго 130дан ашуун партия катышты.

“Бийликте кандайдыр бир вакуум бар. Ошондуктан көптөгөн майда топтор жергиликтүү бийликтен орун алып, өз партияларын чыңдоого умтулуп жатат”, - дейт украин-америкалык саясат таануучу Иван Лозовой.

Божомолдор боюнча, мэрлер менен жергиликтүү депутаттардын саны боюнча Порошенконун “Солидарность” партиясы эң көп орун алчудай. Бирок президентти колдогондордун саны мурдагыдан 26 пайызга төмөндөгөн. 2014-жылы Порошенко президенттике шайланар алдында бул көрсөткүч мындан эки эсе көп эле.

Мындай жагдай бийликтен кулатылган мурдагы президент Виктор Януковичтин “Региондор” партиясынын эски мүчөлөрүнөн куралган “Оппозициялык блок” партиясына да утуш алып келиши ыктымал. Анткени “Региондор” партиясынын мурдагы мүчөлөрүнүн көбү Украина чыгышындагы аймактарда дале бийликте.

“Украина чыгышындагы калк жыш жайгашкан шаарларга да маани берүү керек. Ал жактагы добуш берүү менин оюмча “Региондор” партиясы башка ат менен кайтып келишине жол ачышы мүмкүн. Алар башка партиялар аркылуу өз талапкерлерин шайлоого киргизген”, - дейт саясат тануучу Иван Лозовой.

“Оппозициялык блок” партиясы азыр украин парламентинде 10 проценттей орунду ээлейт. Алар Порошенконун Украинаны НАТОго киргизүүсүнө каршы, бул уюмга кошулбоо саясатын колдойт. Партия өлкө чыгышындагы согушту Орусия менен сүйлөшүү аркылуу бүтүрүп, Украинанын чек арасын 1991-жылга чейинки абалында калыбына келтирүүгө чакырып келет.

Өлкө чыгышындагы Донецк менен Луганск облустарын ээлеп алган жикчилер шайлоо өткөрүүдөн баш тарткан. Алгач алар 18-октябрда өз алдынча шайлоо өткөрүүгө белсенип, кийинчерээк аны эмки жылдын февралына жылдырган.

Украинадагы бул шайлоо болочокто жергиликтүү бийликтерге көптөгөн ыйгарым укуктарды берүүгө кыртыш жаратууга тийиш. Анын алкагында, топтолгон салык Киевге жөнөтүлбөй, ошол аймактын өзүндө калышы мүмкүн.

Деген менен бийлик укуктарын бөлүшүү тез эле ишке ашчудай эмес, анткени ага өлкө чыгышындагы чоң автономия тууралуу талап да кирет. Минск тынчтык келишиминин бир бөлүгү катары орусиячыл жикчилердин мындай талабы Украинанын мыйзам чыгаруу органдарында кызыл чеке талаш жараткан. Жергиликтүү бийликтерди борбордук башкаруудан арылтуудан мурда Конституцияга өзгөртүү киргизүү да зарыл.

Бул шайлоодо украиналыктар облус губернаторлору үчүн добуш берген жок. Аларды өкмөт дайындайт. Муну элдик демократияны чектөө деп сындагандар да бар. Киев бул нерсе азыркыдай шартта өлкө бүтүндүгүн сактоо үчүн зарыл деп эсептейт.

“Украинаны бирдиктүү мамлекет калыбында сактоо кажет. Бышып-жетилбеген азыркы саясий маданият кээде ар кандай тынчсызданууларды жаратышы мүмкүн. Андыктан бийликти борбордон толугу менен ажыратуу опурталдуу болушу ыктымал”, - дейт Лондондогу Chatham House эл аралык мамилелер институтунун украианлык форумунун жетекчиси Орися Луцевич.

Бул шайлоо Украинада 2014-жылдын майындагы кезексиз шайлоодон кийинки алгачкы добуш берүү. 2010-жылдан бери өлкөдө жергиликтүү шайлоо биринчи жолу алдын ала мерчемделген убакытта өттү.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG