Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Украинада тиреш уланууда


Украина -- Бетине Украина менен ЕБнын желектерин тартып алган жаш демонстранттар. Киев, 4-декабрь, 2013.
Украина -- Бетине Украина менен ЕБнын желектерин тартып алган жаш демонстранттар. Киев, 4-декабрь, 2013.

Украинада өкмөт башчысы оппозицияны саясий кырдаалды курчутпоого чакырды. Ал арада өлкөдө Микола Азаровдун өкмөтүн отставкага чакырган демонстрациялар уланууда.

Өкмөт жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Азаров оппозицияга эскертүү берүү менен катар, демонстраттарды өкмөттүк имараттарды блокадалоосун токтотууга чакырды. Ал Конституцияны жана мыйзамдарды бузгандар жазаланаарын айтты:

– Эч кандай конструктивдүү пландары жок белгилүү саясий күчтөр көчө демонстрацияларын, анын ничинде административдик жана коммуналдык имараттарды мыйзамсыз басып алып, мамлекеттик мекемелерге киши өткөрбөгөн зордукчулукту шыкактап жатышат. Бул кылмыштуу аракеттер. Ошондуктан мен мындай көчө лидерлеринен жоопкерчилик кимде, кылмыш үчүн жоопкерчиликти ким тартат? - деп сурагым келет. Мен мындай лидер сөрөйлөрдү элдин артына жашынбай, муну ачык жана айкын айтууга чакырам.

Ал арада оппозициячыл депутаттар парламенттин бүгүнкү жыйынын үзгүлтүккө учуратышты жана өз талаптары аткарылмайынча, парламентти курчоого алууну уланта берээрин эскертишти.

Оппозиция Европа Биримдиги менен алакаларды бекемдөөнү караган келишимге кол коюудан баш тартканы жана демонстрацияларда күч колдонгону үчүн өкмөттүн отставкасын талап кылышууда.

Президент Виктор Янукович Европа Биримдиги менен эркин соода жана кызматташуу келишимине кол коюлаардан бир нече күн мурда ага даярдыкты токтотуп койгон эле. Биримдик менен саммит өткөн айдын этегинде Вилньюста өттү.

Януковичтин чечиминен соң Украинада 2004-жылдагы Кызгылтым төңкөрүшүнөн кийинки эң ири демонстрациялар башталды. Жекшемби күнү Киевдин Көз карандысыздык аянтында аз дегенде 350 миң киши болду. Анын алдыңкы күнү полиция аларга күч колдонгон эле.

Келишимге кол койбоо чечимин Янукович Орусия менен тыгыз соода байланыштарын Украина садага чаба албай тургандыгы менен түшүндүрүүдө.

Ал арада Украинанын мурдагы президенти Виктор Ющенко кырдаалды эл аралык арачылардын көмөгү менен жөнгө салууга туура келиши мүмкүн экендигин билдирди:

– Биз кырдаалдан жол табабыз. Бул Сириядагыдай же Египеттегидей болбойт. Биз украинче жол табабыз. Демек эки тараптан өкүлдөр сүйлөшүүгө макул болот. Эгер ортодо өз ара сыйлашуучулук жок болсо, эки тарап тең сыйлаган мартабалуу эл аралык арачы ортого түшөт. Анын аркасы менен диалогдун планы иштелип чыгат.

Оппозииция кечээ парламентте өкмөттү ишенимден ажыратууга жетише алган жок, бирок нааразылык акцияларын уланта берээрин айтууда.

Көз карандысыздык майданында өткөн түнү миңдеген демонстрант түнөдү. Апта соңундагы полиция менен кагылышуулардан кийин тогуз активист камакка алынган эле.

Ал арада Украинанын вице-премьери Юрий Бойко Москвага эки тараптуу алакаларды, анын ичинде жаратылыш газы боюнча сүйлөшүүгө кеткени кабарланууда. Украина Орусиядан арзан газ алууга аракет кылууда.

Өлкөдөгү саясий кризиске карабастан, Янукович Кытайда жүрөт, Бээжинде ал экономикалык келишимдерге кол коёору күтүлөт.

Соңку кабарларга караганда, Орусия НАТОнун украин кризисине реакциясын сынга алды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сырткы күчтөр Украинадагы кырдаалга киришпеши керек деди.

Бүгүн Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөндөн кийин Лавров эмне үчүн НАТО украин бийликтерин демонстранттарга ашыкча күч колдонот деп айыптаганын түшүнбөй жаткандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG