Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Эл аралык валюта кору Украинага жардамдын үчүнчү траншын бөлдү


Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директору Кристин Лагард.
Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директору Кристин Лагард.

Эл аралык валюта кору бир жылдан ашык кечигүүдөн кийин Украинага бир миллиард долларлык кредит бермей болду. Согуштан жабыркаган бул өлкөдөгү туруксуздук жана коррупция боюнча тынчсыздануулардан улам кредит бөлүнбөй келген.

Президент Петро Порошенко фонддун чечимин жеңиш катары мүнөздөп чыкты.

“Эл аралык валюта фонду менен Украинанын алакасынын тарыхында биринчи жолу жардамдын үчүнчү траншын алдык. Фонддун чечими АКШнын 1 миллиард долларлык жана Европа Биримдигинин 600 миллион долларлык жардамына жол ачат”, - деди Порошенко.

Фонд 2015-жылдын март айында Киевге төрт жылдын ичинде 17,5 миллиард доллар берүүнү чечкен. Ал үчүн Украина экономиканы башкарууну жакшыртып, коррупцияга каршы күрөшүүгө милдеттендирилген эле. Украина ушул күнгө чейин 7,62 миллиард долларлык кредитти алып жетишкен.

Украина бул жолу 1,7 миллиард долларлык жардамга үмүт артып жаткан. Соңку жардамдын күтүлгөндөн аз болушу фонддун Украинадагы реформалар тууралуу тынчсыздануусу кала бергенин көрсөтүп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG