Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Обама Порошенко менен жолукту


Барак Обама жана Петро Порошенко, Варшава, 4-июнь, 2014-жыл.
Барак Обама жана Петро Порошенко, Варшава, 4-июнь, 2014-жыл.

АКШ президенти Варшавада жаңы шайланган украин президенти менен жолукту. Ал Украинанын чыгышында жикчилдер менен кармаш токтобой жаткан тапта Киевге колдоо билдирүү үчүн Порошенко менен көзмө-көз сүйлөштү.

АКШ президенти 4-июнда Украинада жаңы шайланган Петро Порошенкону «азыркы оор мезгилде Украинаны башкарууга жөндөмдүү жетекчи» катары баалады.

Порошенко менен Варшавада жолуккандан кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып Обама реформа жана өткөөл жараян мезгилинде Украинага көмөктөшүүнүн кошумча чаралары менен катар бул өлкөнүн күч түзүмдөрүн жана армиясын машыктырып, кесиптик деңгээлин көтөрүүнү талкуулаганын билдирди.

Ал ошондой эле Украинанын энергетика тармагынын сарамжалдуулугун бекемдеп, бир эле мезгилде бул тармакта жалаң Орусиянын көзүн карабашын кепилдөө тууралуу сөз болгонун айтып өттү.

АКШ президенти Орусиянын Украинага «интервенциясынан» кийин Кошмо Штаттар Полша жана башка Чыгыш Европалык улуттардын коопсуздугун «чечкиндүү» колдой турганын кошумчалады.

3-июнда Обама АКШнын Европадагы аскердик турумун бекемдөөгө бир миллиард доллар сарптоого сөз берген эле.

НАТО Чыгыш Украинадагы козголоң үчүн Орусияны айыптоодо. Орусия бул кинени четке каккан, ошол эле убакта бул жактагы орус тилдүүлөрдү коргоого өзүн укуктуу деп эсептейт.

Шейшембиде Варшавада Полшанын президенти Бронислав Коморовский менен жолуккандан кийин Обама Украинадагы жикчилдерди «тополоң салган маскачан бандиттер» деп сүрөттөгөн.

Ал эми Брюсселдеги жыйында НАТОнун жетекчиси Украинанын куралдуу күчтөрүн жаңылап, реформалоо максатында июнь айынын аягына чейин атайын программа иштелип чыгаарын жарыялады.

Андерс Фог Расмуссен ошондой эле НАТОнун коргонуу министрлери альянстын Европа континентиндеги ишмердүүлүгүн күч алдыраарын бышыктады.

- Биз Балтика деңизинен Кара деңизге чейин, андан ары Жер ортолук деңизине чейинки аймактарда НАТОнун абадан, суудан биргелешкен коргонуу дареметин бекемдеп, машыгууларды көбөйтүүнү макулдаштык.

Ошол эле жыйында АКШнын коргонуу катчысы Чак Хэйгел НАТО боюнча союздаштарды украин кризисине байланыштуу коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө чакырды. Хэйгел Орусия Украина менен эле чектелип калбай тургандыгына даяр туруш керек деген мазмунда сүйлөдү.

НАТОнун аскердик даярдыгын жакшыртуу максатында Германия, Дания, Полша бул күнү Полшанын Штеттин шаарындагы НАТО корпусун бекемдөө пландарын ачыкка чыгарышты.

DPA агенттигинин жазышынча, Украинанын коргонуу министринин кызматын аткарып жаткан Михаил Ковал өлкөнүн абадан коргонуу, чалгын жана коммуникациялык байланыш жаатында айрым кемчиликтер бар экенин моюнга алуу менен бирге «Украинанын өзүн коргоого даремети жетиштүү» деп ырастады.

Украинанын өзүндө жикчилдер кармап турган Славянск шаарында жана анын айланасында экинчи күн катары менен салгылаш болуп жаткандыгы кабарланды. Украин армиясынын маалымат катчысы 300 жикчил жок кылынды же жарадар болду деди, бирок бул санды көз карандысыз булактан бышыктоо мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG