Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Украина: "кереги жок" мунапыс


Донецктеги обладминистрациянын имаратын ээлеп алгандар аны тосмо менен курчап алышкан, 10-апрель, 2014-жыл.
Донецктеги обладминистрациянын имаратын ээлеп алгандар аны тосмо менен курчап алышкан, 10-апрель, 2014-жыл.

Украинанын утурумдук президенти Александр Турчинов өлкөнүн чыгышында айрым өкмөттүк имараттарды басып алган орусиячыл протестчилерге мунапыс сунуш кылды. Эгер алар куралын таштап, имараттарды бошотсо, жоопко тартылбайт.

Украинанын чыгышындагы Луганск жана Донецк шаарларында облустук администрация имараттарын Орусияны колдогон демонстранттар 6-апрелден бери ээлеп турушат.

Донецкте алар анын эртеси өздөрүн “көз карандысыз элдик республика” деп жарыялап, ошол эле имараттын айланасын килейген тосмо менен курчап алышкан.

Украин президенти Александр Турчинов бүгүн депутаттарга сүйлөгөн сөзүндө “ал демонстранттар эгер имараттарды бошотуп, куралын таштаса, жоопкерчиликтен бошотулат” деди.

“Мен муну өзүмдүн президенттик жардыгым менен чечкенге даярмын. Биз проблеманы бүгүн эле чече алабыз”, - деди Турчинов. Президент, мындан сырткары, региондорго кеңири укук бере турган административдик реформага да даяр экенин айтты.

Мунун алдынан Донецкте облустук бийликтин имаратын ээлеп алгандардын бири Денис Пушилин дүйшөмбүдө маалымат жыйынын өткөрүп, алардын планы такыр башка экенин белгилеген.

"Азырынча биздин максат – көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүү. Биз эгемен өлкө болгондон кийин андан ары Украина мененби, Голландия же Франциябы, Орусиябы, иши кылып, ким менен болсо да федеративдүү же конфедеративдүү мамиле курууну чечебиз. А балким, биз такыр эле эгемен болуп кала беребиз. Демек, бизде кеминде үч вариант бар", - деди Пушилин.

Ал дагы бир жолу Киевдеги жаңы бийликтерди соңку тополоң окуялар үчүн айыптап, алар менен эч кандай мамилеге барбай тургандыктарын бышыктады.

- Украинанын бөлүнүшүнө алып келген азыркы кырдаалдын баарына Киев күнөөлүү. Азыр абалды федерализация же башка шарттарсыз чечүүгө мүмкүн эмес. Эмне үчүн? Себеби азыр өлкөнүн батышы менен чыгышына бирдей жага турган президентти тандоо мүмкүн эмес. Өлкөдө ноябрдан бери түзүлгөн азыркыдай кырдаалга дал ушул Киевдеги жаңы бийлик гана жооптуу, - деди Донецктеги регионалдык бийликти ээлеп алгандардын бири Пушилин.

9-апрелде украин ички иштер министри Арсен Аваков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып азыр регионалдык өкмөттүн имараттарын сепаратисттерден бошотуунун эки жолу бар экенин, алардын бири сүйлөшүү, экинчиси күч колдонуу экенин айткан.

- Сепаратисттердин арасында жаңжал болушун каалагандар аз, ошолорго күч колдонулат, - деген министр.

Киевдеги бийлик болсо өлкөнүн чыгышындагы орус тилдүү калк ичинде аларга нааразылык күчөп жатканын Москвадан көрөт. Алардын ишениминде, Орусия ошол жактагы калкты ичинен иритип, провокация жасап, кийин аскер киргизүүгө жол ачканга далалат кылууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG