Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Ирак армиясы Мосулдун калган бөлүгүн алууга даярданууда


Мосул
Мосул

Ирактын армиясы Мосул шаары үчүн кармаштын экинчи фазасына камданууда. Өлкөнүн экинчи ири шаарынын чыгыш тарабы “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлеринен дээрлик тазаланып бүткөн. Ал эми батыш бөлүктөрүндөгү тар көчөлөрдөн танктар жана башка оор техника өтө албай, аскерлер артыкчылыгынан пайдалана албай жатышат. Буга карабай куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү эмки баскычка даярданышканын айтышууда.

"Мосулдун батыш ыптасына жакынкы күндөрү кирип барабыз деп күтүп жатабыз", - дейт генерал-лейтенант Абдул-Вахаб ал-Саад "Рейтерс" агенттигине. Шаар үчүн күрөшкө 100 миң чакты Ирак аскерлери, күрттөрдүн жана шииттердин кошуундары катышууда, аларга абадан АКШ баштаган коалиция көмөктөшүүдө. БУУнун болжолдуу маалыматына караганда, калаанын батыш бөлүгүндө 750 миңдей киши кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG