Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Кытай эми Украинадан түшүм алат


Дың жерге бай Украина келечекте Кытайга 3 миллион гектарга чейин айдоо аянтын ижарага бериши мүмкүнбү?

Украин бийликтери ырастай элек бул кабар Кытай маалымат каражаттарында жарыяланды. Бирок айрым украин эксперттери жогорудагыдай келишим түзүлгөн шартта да, анын ишке жарамдуулугунан күмөн санашууда.

Кытайдын маалымат каражаттарындагы кабарларга ишенсек, Шинжаң өндүрүш жана курулуш корпорациясы Украинанын мамлекеттик КСЖ агро компаниясы менен жетишилген келишимге ылайык, өлкө чыгышындагы Днепропетровск облусунан 100 миң гектар айдоо аянтын ижарага алат.

Ижарага алынуучу жердин көлөмү бара-бара 3 миллион гектарга чейин чыгып, бул үчүн Кытай 2,6 миллиард доллар ижара акысын төлөйт. Кытай басма сөзү белгилегендей, ижарага алынуучу жер негизинен чочко багуу жана дан эгиндерин өстүрүү үчүн пайдаланылат.

Украинада чыгуучу “Киев пост” басылмасы Кытай менен макулдашууну өлкөнүн айыл чарба секторунда "мурда болуп көрбөгөн чет элдик инвестиция” деп атаган.

Расмий Киев жана Бээжин ырастай элек бул маалымат эгер чын чыкса, Кытайдын чет өлкөдөн жерди ижарага же фермаларды сатып алуу боюнча түзгөн келишимдеринин эң масштабдуусу болот. Бирок украин эксперттери өлкөдө 3 миллион гектар жерди бүгүн же эртең Кытайга ижарага берип койгудай шарт - жагдай жоктугун айтышууда.

Айыл чарбасы боюнча эксперт Алекс Лисситса “Азаттык” менен маегинде:

- Украинада иштетилбей калган 3 миллион гектар жерди табуу кыйла эле татаал иш. Маселен, мен бүгүн нормалдуу климаттык шартта 3 миллион гектар жерди таап, аны чет элдик өнөктөштөргө, анын ичинде кытайлыктарга бергидей өбөлгөлөрдү көрбөй турам.

Алекс Лисситса кошумчалагандай, азыр Украинанын айдоо аянттарынын жалпы көлөмү 32 миллион гектарга барабар жана учурда айыл чарба жерлерин сатууга же сатып алууга мораторий киргизилген.

Украиналык дагы бир айыл чарба эксперти Мария Колесниктин айтымында, өлкөдө орточо агрардык холдингдин карамагында 100 миң, ал эми ирилеринде 250 миң гектардын тегерегинде жер болот. Андыктан кытайлык инвесторлор ошол жеке менчиктеги холдингдердин бирин сатып алышы же алардын үлүшүнө кириши мүмкүн.

Анткен менен эксперт Мария Колесник белгилегендей, 3 миллион гектар жерди бүкүлү бойдон ижарага алуу машакаттуу иш:

- Мамлекет мынчалык көлөмдөгү жерди бир колго алып, аны жөн эле Кытайга ижарага берип салууну каалайбы? Бул азырынча жообу жок маселе. Бизде мамлекеттик дан корпорациясы бар. Ал Кытайга жерин ижарага бергенден көрү, продукциясын көбүрөөк экспорттоого кызыкдар. Бир нерсе айтыш үчүн биз келишимдер кандай шарттарда жана ким-кимдин ортосунда түзүлгөнүн көрүшүбүз керек.

Кытайдын Украинада дан өстүрөт деген Шинжаң өндүрүш жана курулуш корпорациясы 1950 –жылдары Шинжаң - уйгур автоном облусунун аймагында, ал кездеги СССРден коргонуу үчүн айдоо аянттарын да карамагына алып, жарым-жартылай аскерий мекеме катары уюшулган. Ал ушул айдын башында эле Украинанын Крым автоном облусу менен инфраструктурага инвестиция жасоо, жолдорду, көпүрөлөрдү куруу боюнча меморандум түзгөн болчу.

Тажикстан талаасын иштеткен кытай фермерлери, 19-июль, 2013-жыл
Тажикстан талаасын иштеткен кытай фермерлери, 19-июль, 2013-жыл
​Киев менен Бээжин украин дыйкандары өстүргөн соя буурчагын, арпа жана буудайды Кытайга экспорттоосун караган келишим түзүүнү мерчемдеп жатканын украин маалымат каражаттары да жазышкан.

Дүйнө калкынын бештен бир бөлүгүн, бирок айдоо аянттарынын тогуз пайызына гана ээлик кылган Кытай айыл чарба жерлерин четтен ижарага алып иштеткенинин мисалдары бар. Бээжин айыл чарбасына эң ири инвестицияны көбүнесе Түштүк Америка өлкөлөрүнө жасаган. Маселен Кытай компаниялары Аргентинадан буурчак, дан, пахта өстүрүү үчүн 234 миң гектар жерди ижарага алышкан жана бул үчүн жылына 1,2 миллиард доллар төлөшөт.

Кытай компаниялары ошондой эле Бразилиядагы соя плантациялары үчүн жылына 375 миллион доллар сарптоого макул болушкан. Ал эми коңшу Борбор Азияда Тажикстандын Хатлон облусунан кытай дыйкандары 500 гектар жерди ижарага алышкан.

Бирок айрым мамлекеттерде Кытайдын айыл чарбасына өз аймагынан тыш жерлерде да аралашуусу камтамачылыктарды жаратууда. Алсак Австралияда быйыл айрым саясатчылар чет элдиктердин айдоо жерлерди сатып алышын кылдат иликтөө демилгеси менен чыкты.

Кытай инвесторлору Австралиянын пахта өндүрүү боюнча эң чоң компаниясын былтыр сатып алышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG