Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Акыйкатчы бийлик менен оппозицияны кырдаалды курчутпоого чакырды


Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышына байланыштуу билдирүү таратты. Анда Текебаев качып кетейин деген ниети жок чет өлкөдөн Бишкекке кайтып келгендиктен, анын аэропорттон кармалышы туура эмес деген баа берилген. Ошондой эле депутатка олуттуу айып тагылганы, алар салмактуу далилдер менен бекемделиши керектиги, антпесе бул иш оппозицияга карата саясий куугунтук катары сыпатталып, өлкө жетекчилигинн аброюна терс таасир этери айтылган.

Мындан тышкары Текебаевди камакка алуу операциясы учурунда бир нече жарандык активисттер менен журналисттердин кармалышы да мыйзамсыз болгону жазылган.

Оторбаев мыйзамдуулукту жактай турганын жана коррупцияга каршы күрөштө президент Алмазбек Атамбаевдин багытын колдой турганын да белгилеген. Соңку 10 жыл ичинде түрдүү саясий жана улут аралык жаңжалдар болгонун эске салып, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн тынчтык менен туруктуулук зарылдыгын билдирип, бийликти жана оппозициялык күчтөрдү президенттик шайлоо жылында абалды курчутпоого үндөгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG