Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Казакстанда ачкачылык жарыялаган мунайчылардын саны көбөйдү


Маңгыстау облусунда ачкачылык жарыялаган мунайчылар.
Маңгыстау облусунда ачкачылык жарыялаган мунайчылар.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматынын Маңгыстау облусундагы кабарчысы маалымдагандай, 18-январга карата ачкачылык акциясына мунай сектордун 400дөй кызматкери катышууда.

Башында 90дой мунайчы баштаган нааразылык 17-январдан тарта кеңейди.

Ачкачылык жарыялагандардын көпчүлүгү Маңгыстаудагы Каламкас жана Жетибай мунай кендеринин кызматкерлери.

Алар бийликтеги “Нур Отан” партиясынан Казакстанда көз карандысыз профсоюз бирикмеси калыбына келтирилүүсүн талап кылышууда.

Казакстандын көз карандысыз профсоюз уюмдарынын конфедерациясы 4-январда экономикалык соттун чечими менен жабылган. (UE)

XS
SM
MD
LG