Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Женева: Украин кризиси талкууланууда


Киев. 15-апрель.
Киев. 15-апрель.

Женевада ушул тапта АКШ, Орусия, Украина, Европа биримдигинин Украина боюнча жыйыны өтүп жатат. Бул жыйында кандайдыр бир ири өзгөрүш күтүлбөй тургандыгы мурда айтылган.

Женевадагы жыйын Украинанын чыгышындагы бир нече шаарда орусиячыл жикчилдер айрым жылыштарга жетишкен мезгилге туура келүүдө.

Женевага келип түшкөндө Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Андрей Дещица Москвадан Украинадагы «террордук аракеттерди» колдоону токтотууну жана Украина менен чек арага жакын аймактардагы аскерлерин алып кетүүнү талап кыларын билдирди. НАТОнун эсебинде, бул аймакта азыр 40 миңге жакын орус аскери турат.

Өз сөзүндө Дещица кырдаалды дипломатиялык чаралар менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү дагы деле бар экендигин белгилеп, бул жааттагы аракеттерди Украин бийликтери да, АКШ да улантат деди. Ошол эле убакта ал Киев өкмөтү Украинанын ички маселелерин Орусияга кеңешпей тургандыгын эскертти:

- Биз азыр Украинаны Федерацияга айлантуу тууралуу сөз кылган жокпуз. Биз аймактык бийликтердин реформасы, жергиликтүү жамааттарга көбүрөөк укук берүүчү реформа тууралуу айтып жатабыз. Украинага конституциялык реформа да керек. Бирок бул маселелерди Украина, украин эли жана украин өкмөтү өзү чечсин. Украинанын ички иштерин Орусия менен талкуулаганга биз даяр эмеспиз, талкуулабайбыз дагы.

Женевада өтүп жаткан жыйын. 17-апрель.
Женевада өтүп жаткан жыйын. 17-апрель.
Киевдин көз карашында, азыркы окуялар Орусиянын Крымды тартып алышына окшош болуп жатат. Крымда орусиячыл партизандар имараттарды басып алып, көз карандысыздык жарыялашкан.

Америкалык улук расмий өкүлгө шилтеме берип, Ассошиэйтед Пресстин кабарлашынча, украиналык дипломаттар Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго Украинада бийликти борборсуздаштыруу жана орус тилдүү азчылыкты коргоо боюнча аракеттери тууралуу маалымат берүүнү пландап жатышат.

Америкалык дипломаттар эгер Женевада жылыш болбосо, АКШ Орусияга каршы дагы жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн экендигин айтышууда. АКШдагы телемаегинде президент Барак Обама Орусиянын Украинаны дестабилдештирүү боюнча кадамдарына тийиштүү жооп болот деп айтты. АКШда азыр башка чаралар менен катар, Путинге жакын бай жарандарга жана алардын бизнесин бутага алуучу санкциялар пландалып жатат.

Обаманын администрациясы ошондой эле Украинанын армиясына куралдан башка керек-жаракты берүүнү караган жардам пакетинин үстүнөн иш баштады.

Украинанын биримдиги үчүн өткөн митинг. Луганск. 17-апрель.
Украинанын биримдиги үчүн өткөн митинг. Луганск. 17-апрель.
Украинада кечээ, 16-апрелде украин күчтөрүнүн чыгыштагы аймактарды өз көзөмөлүнө алуу далалатынан майнап чыкпады. Краматорскто козголоңчулар украин армиясынын алты бронетранспортерун тартып алып, Орусиянын желегин желбиретишти. Жикчилдер ошондой эле Донецкте шаардык администрациянын имаратына кирип келди. Алар мындан тышкары, Мариупол шаарынын жанындагы украин армиясынын турагын басып алууга аракеттеништи. Украин бийликтери Мариупол базасына кол салууда үч куралчан окко учуп, 13ү жараат алып, 63ү туткундалгандыгын билдирди.

Бул күнү НАТО өзүнүн чыгыш чек араларын коргоону күч алдырарын жарыялаган. Брюсселде НАТОнун 28-мүчөсүнүн элчилери менен жыйын өткөргөндөн кийин альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен «деңизде кемелер, асманда учактар, кургакта аскер көбөйтүлөт» деди.

XS
SM
MD
LG