Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:33

Славяндар: украин ыры жана орус сүрөтчүлөрү


"Графиня Ю.П.Самойлова тарбиялануучусу Жованино Пачини жана араб менен бейнеси".
К. Брюллов. 1834-ж.

"Графиня Ю.П.Самойлова тарбиялануучусу Жованино Пачини жана араб менен бейнеси". К. Брюллов. 1834-ж.

Өткөн жумада Бишкекте славян маданияты менен тааныштырган бир катар иш-чаралар болду.

Үч жүз миңден ашык элдик ырлары бар - украин калкынын өкүлдөрү Кыргызстанда 19-кылымдан бери жашайт. Дүйнөдө - ЮНЕСКОнун маданий мурастар фондуна ырлары эң көп кирген калк украиндер болуп эсептелет. Юнесконун фондунда украиндердин он беш жарым миң элдик ырлары бар экен.
Бишкекте өткөн украин маданиятына, музыкасына арналган кеченин уюштуруучусу Владимир Нарозя:

- Украин элинин маданияты башынан эле элдик болуп өсүп-байыган. Себеби, украиндер көпкө чейин өз мамлекетине ээ болбой, узак мезгил бою ал үчүн күрөшүп келген. Андыктан, адистик искусствого караганда, элдик искусство көбүрөөк өнүккөн,- деп элинин маданияты тууралуу маалымат берди.

Кечеде украин элинин кол өнөрчүлүгүнө таандык фарфор бейнелер, саймалуу сүлгүлөр, кооз боёлгон жумурткалар, улуттук кийимдер да бар экен. Алардын ичинен, жыгачтан өтө чебер оюлган кооз куту сымал чоң китепкап көзгө урунду.

Мария Кряглик Кулманбетова солдо биринчи.

Мария Кряглик Кулманбетова солдо биринчи.

Ал жөнүндө кыргызга келин болгон украин кызы Мария Краглик Кулманбетова мындай деди:

- Мобу альбомду, бизге Украина өкүлчүлүгү аркылуу Украинанын президенти белек кылган. Биз үчүн - бул эң ыйык нерсе, анткени, мында бүтүндөй Украина жатат. Украин элинин тарыхы, салт-санаасы, маданияты, чиркөөлөрү, шаарлары, кол өнөрчүлүктөрү бүт ушунун ичине баткан.

Улуттар Ассамблеясынын “Эл руху - музыкада” деген өзгөчө бир концерт -лекция түрмөгүнөн - улам бир элдердин маданияты менен коомчулукту тааныштырып келаткан музыка таануучу жана бул түрмөктүн алып баруучусу – Светлана Лундгрен өз ишинин агартуучулук пайдасы барын баса белгиледи:

- Кыргызстандыктар ушул жерде туруп эле башка мамлекеттерге барып келгендей болушат. Экинчиден, руханий байлык берчү жагы да бар. Анткени, бул жөн эле концерт эмес, концерт - лекция. Бир элдин улуттук адат-салттары, ырым-жырымдары, кийим-кечелери, тамак-ашы, түрдүү өзгөчөлүктөрү менен тааныштырат.

Кыргыздар менен украиндердин тилинин окшоштугу

Концерт - кечеде украиндердин жергиликтүү элдер менен да окшош жактары бар экендиги айтылды. Аларга музыкалык аспаптар менен кээ бир сөздөрдүн окшоштугу кирээрин Владимир Нарозя мындайча бирден санады:

Сопилкада ойногон кыз жана Светлана Лундгрен.

Сопилкада ойногон кыз жана Светлана Лундгрен.

- Кыргыздарда бар кээ бир музыкалык аспаптар бизде да бар: темир комузду - “дрымба” дейбиз. Чопо чоорду - “окарына” дейбиз. Сыбызгы чоорду -“сопилка” дейбиз. Кээ бир сөздөрүбүз абдан эле окшош: эне - ненька, килем – кылым, майдан – кыргызча эле майдан, илегилек - лэлэк деп айтылат украин тилинде.

Эң кызыгы бул кечеде укриндердин улуттук бийи - "Гопакты” кыргыздар да катыра бийлеп, украин ырларын да көркүнө чыгара ырдашты.

Кыргызстанда украиндер - аз сандагы этнотоптордун катарында. Алар Кыргызстанга орус калкы менен бирге мындан жүз элүү жылдан ашыгыраак мурун Полтава облусунан жана Орусиядан көчүп келишкен.

"Музейлик педагогика" же көчүрмө көргөзмө

Улуттук университетте алгачкы жолу “Музейлик педагогика” аттуу жаңы ыкма менен эркин сабак өтүү башталды. Андагы, гениалдуу орус сүрөтчүлөрү Карл Брюллов менен Илья Репиндин сүрөттөрүнөн көчүрмө көргөзмөнү Кыргызстандагы Орус маданиятынын борбору даярдап берген. Мындай ыкма менен жаштарга билим берип, дүйнө таанымын өстүрүү Европа мамлекеттеринде, анын ичинде Орусияда да көп жылдардан бери жүргүзүлүп келет.

Юлия Самойлова- Брюлловдун музасы болгон.

Юлия Самойлова- Брюлловдун музасы болгон.

"Музейлик педагогика" – максатындагы сүрөт көргөзмөсү биринчи жолу Улуттук университеттин орус жана славян тилдери филологиясынын залында өттү. Анда гениалдуу орус сүрөтчүсү, дворяндык алтын доордун акыркы классиги - Карл Брюллов менен,андан кем калбаган улуу сүрөтчү, 19 - кылымдын алгачкы реалисти - Илья Репин тарткан сүрөттөрдүн көчүрмөсү коюлган. Кыргызстандагы Орус маданиятынын борбору даярдап берген бул иш-чара “Брюллевго-215 жыл, Репинге -170 жыл” деп аталат.

- Максатыбыз - жаштарды маданиятка, бийик искусствого жакындатуу, эстетикалык жактан тарбиялоо. Канчалык жаштарды көп тартсак алардын бири - бирине да мамилелерин өзгөртөт. Сөгүнбөй, чекпей, короого туруп алып ичпей калышат,- деди Лариса Яковлева.

Лариса Яковлева көргөзмө залында өтүп аткан - “Ваганттар” студенттик театралдык студиясынын жетекчиси. Көрсө, бул жерде жыл сайын 26-марттагы эл аралык театр күнүнө карата театралдык фестивал да болот экен. Буга чейин: Чехов, Мольер, Шекспир, Островский, Булгаковдун пьесаларын коюшуптур.

Брюллов - курама темир курч болот

Карл Брюллов орус маданиятынын тарыхында классицизмдин акыркы өкүлү. Пушкин, Глинка, Гоголь, Крыловдун замандашы, досу, өзү да өнөрлүү адамдардын үй-бүлөсүнөн, жарым - жартылай француз жана немис улутунан. Фамилиясы да французча - Брюлле болгон, “ов” кийин кошулган. Брюллов көп эмгектерин Италияны, Испанияны кыдырып жүрүп жараткан. Сүрөтчү - терең психологизм менен мүнөздөрдү, ички абалды берүүдө теңдешсиз эсептелген.

"Помпейдин акыркы күнү". 1833-жыл.

"Помпейдин акыркы күнү". 1833-жыл.

"Эң белгилүү картинасы "Помпейдин акыркы күнү". Ал өлбөс-өчпөс 160 картина, 120 портрет тарткан. Анын музасы - ак сөөк айым, императордун үй-бүлөсүнөн чыккан Юлия Самойлова болгон. Самойлова ошо мезгилдеги алдыңкы адамдардай эле Брюлловду да колдогон. Бирок анын башы бош эмес эле", - деди орус жана чет элдер адабиятынын тарыхынан окутуучусу Людмила Епанешникова:

- Юля көп жылдар бою анын картиналарынын, портреттеринин прототиби болгон. Ал тартылган: “Чабандес”, “Маскарад” картиналары кеңири белгилүү. Самойлованын өзүнүн портретин да көп тарткан. Бул айым ошол мезгилдин эң алдыңкыларынан болгон. Сулуу, акылдуу, билимдүү, кайрымдуу жана ишкер...

Иван Грозныйды "тирилткен" Репин

Илья Ефимович Репин түбү украиналык, Харьковдун Чугуево кыштагынан. Жөнөкөй адамдардын турмуштук бейнесин алгачкы болуп тарткан сүрөтчү. Айрыкча көп киши чогулган жердеги окуяларды чагылтууда ар бир адамдын өзгөчөлүгүн мыкты ачкан. Репин да алгач чет өлкөлөрдө жүрүп таанылган. Анын 1885-жылы тарткан “Иван Грозный уулун өлтүрүүдө” деген картинасы элдин баарын кайдыгер калтырбаган.

"Кеме сүйрөөчүлөр". Илья Репин. 1870-73-жылдар.

"Кеме сүйрөөчүлөр". Илья Репин. 1870-73-жылдар.

- Сүрөт Третьяков галереясында турат. 1913-жылы картинага кол салынган. Башманов деген эски динчил жана “Эл эрки” партиясынын өкүлү көрүп эле бычак менен кескилеп ийген. Сүрөт куткарылып, калыбына келтирилген. Бул сүрөттү Репин турмуштагыдай тарткан. Андагы, Иван Грозный ачуусу менен уулун байкоосуз өлтүрүп алгандагы абалы өтө таасирдүү берилген. Репиндин сүрөттөгү ачылышы - Грозныйдын өңүнүн дааналыгы. Жырткычтыкындай чакчайган көздөрү, капысынан эмне болуп кеткенин көрүп, эсине келген коркунучтуу кезин чагылтат,- деди Людмила Епанешникова сүрөт тууралуу маалымат берип.

Улуттук университеттин окуу бөлүмүнүн кызматкери, Европанын бир топ мамлекеттеринде жүрүп келген Акбаралиев Жоомарт кыргыз сүрөтчүлөрүнүн арасында Брюллов менен Репиндей тарткандар жок деген оюн билдирди:

- Биздин сүрөтчүлөрдүн ичинде алардын багытын алган сүрөтчүлөр жок. Мен азырынча аларды байкаган жокмун.

Ошентип өтүп кеткен январь айында Бишкекте жаңырган украин ыр-күүсү, орустун классик сүрөтчүлөрүнүн эмгектери кыргыз көрүүчүлөрүнүн жандүйнөсүнө жылуулук тартуулагандай болду.
Бишкекте өткөн украиндердин концерти

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG