Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Германия ЕККУнун байкоочуларын бошотууга Орусиядан жардам сурады


1-майда Владимир Путин менен Ангела Меркелдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, анда Германия канцлери Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Украина чыгышында кармалган байкоочуларын бошотууга жардам берүүнү орус президентинен сураган. Эки тарап тең Украинадагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн ЕККУнун ортомчулук мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну жакташкан. 1-майда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинада сүйлөшүүлөрдү ЕККУнун колдоосу менен жүргүзүүнү сунуштаган эле:

- Орусия бийлик менен оппоненттеринин сүйлөшүүсү Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жардамы менен жолго коюлса туура болот эле деп эсептейт. Буга күмөн санап жаткан Батыштагы коллегаларыбыз өз каршылыгын токтотот деп үмүттөнөбүз. Украиналыктардын өз ара сүйлөшүүсүнө жолтоо болбойт дейбиз.

Славянск шаарында жикчилер 25-апрелде ЕККУнун байкоочуларын кармап алышып, аларды НАТОнун тыңчысы деп аташууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG