Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Украинанын чыгышында абал чыңалган бойдон


Украина -- Словянск шаарынын четиндеги украин аскерлери. 6-май, 2014.
Украина -- Словянск шаарынын четиндеги украин аскерлери. 6-май, 2014.

Украин парламенти өлкө чыгышындагы кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйынга чогулду. Жыйын украин коопсуздук күчтөрүнүн Словянск шаарындагы аскерий операциясынан соң өтүүдө.

Учурда украин коопсуздук күчтөрү расмий Киев жикчилдер, расмий Москва федерализациянын жактоочулары деп атагандар бийлик имарттарын басып алган ондон ашуун шаар менен шаарчага көзөмөл орнотууга аракеттенүүдө.

Чыгыштагы Словянск шаарынын айланасында, кечээги уруштарда отуздай орусиячыл согушкер жок кылынып, ага катар төрт украин аскери да каза тапканын ички иштер министри Арсен Аваков билдирди:

- Өзүбүздүн аймакта бизге каршы согуш жүрүп жатат. Украин армиясы карапайым калкты ойлоп, колу-буту байланып турат, анткени алар өз элине ок аталбайт. Айрымдар бизди колдоп жатышат, айрымдар жикчилер тарапта. Ошентсе дагы алар биздин эл. Ал эми душмандар калктын артына жашынып, бизди көздөй атышууда. Маселенин баары ушунда.

Арсен Аваков Словянскидеги орусиячыл согушкерлер арасында орустар менен катар чечендер да болгонун кошумчалады.

Словянскиде кечээги уруштарда орусиячыл согушкерлер укран армиясынын бир тик учагын да атып түшүрүшкөн. Бул украин армиясы өткөн аптада чабуул баштагандан бери атып түшүрүлгөн үчүнчү тик учак болду. Орусиячыл топтордун ырастоосунда, шаардагы кечээги уруштарда алардын 20дай жоокери каза тапкан.

Ал арада расмий Киев Кара деңиз боюндагы Одесса облусунун губернаторун, шаардын полиция башчысын кызматтан алды жана абалды турукташтыруу үчүн Одессанын түштүк портуна Улуттук гвардиянын бир бөлүгүн жөнөттү. Алар Одессада орусиячыл жикчилдерге алы жетпей калган полициянын ордуна көзөмөл жүргүзүшөт.

Бул шаарда орусиячыл жана украиначыл активисттердин кагылышынын арты профсоюздар үйүндөгү өрткө айланып, 46 кишинин өмүрү кыйылган эле.

Орусия Украинанын чыгышындагы окуяларды “кан төгүү” деп атап, расмий Киевди аскерий операцияны токтотуп, кризисти сүйлөшүү жолу менен жайгарууга чакырды.

Орусия Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө көргөзүлгөндөй, украин күчтөрү орусиячыл жикчилдерге каршы операцияларды жүргүзүп жаткан шаарларда гуманитардык кризис башталды.

Бүгүн белгилүү болгондой, кырдаал чыңалып турган чыгыштагы Донецк шаарында аэпропорт жабылган. Аэропорттун сайтында ал өкмөттүн чечими менен жабылганы айтылган. Бирок өкмөт мындай чечимден кабары жоктугун билдирди.

Расмий Киев Украинанын чыгышындагы жикчилдерди Орусия тукуруп козутууда, а түгүл бул аймакта диверсиялык топтор, орусиялык агенттер иш алып барууда деп эсептейт. Москва болсо мындай дооматтарды четке кагат.

5-майда Австриянын тышкы иштер министри Себастьян Курц Венада Европа Кеңешинин жыйынына келген орус жана укран тышкы иштер министрлерине жолукту. Жолугушуудан соң ал буларды айтты:

- 6-майда Венада өтө турган жыйын эки өлкөнүн түз сүйлөшүүсүнө өбөлгө түзүп берет деп үмүттөнөм.

Украин тышкы иштер министри Андрей Дешитцанын айтымында, алар Европа Кеңеши Украинадагы президенттик шайлоого бекем колдоо көргөзөт деп күтүшүүдө. Киев жана анын Европадагы өнөктөштөрү Москва 25-майдагы президенттик шайлоо үзгүлтүккө учурашына абдан кызыкдар деп санашат.

Буга улай бүгүн эле Москваны украин шайлоосун үзгүлтүккө учуратууга аракеттенип жатат деп француз президенти Франсуа Олланд, британ тышкы иштер министри Уильям Хейг айыптап чыгышты.

XS
SM
MD
LG