Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Сот экинчи өкүмү менен Навальныйды 15 күнгө абакка кести


Навальный сот залында
Навальный сот залында

Москванын соту оппозициячыл активист Алексей Навальныйды "полицияга баш ийбөө" беренеси боюнча 15 күнгө абакка кести

Андан мурдараак сот биринчи өкүмүн чыгарып, Навальныйга мыйзамсыз митингдерди өткөрдү деген жүйө менен 20 миң рублдук айып пул салган.

Оппозициячыл активист жекшемби күнү Москвадагы коррупцияга каршы жүрүш маалында жүздөгөн адамдар менен кошо кармалган.

“Мени административдик тартип менен көп жолу соттошту. Бир дагы күбөнү угушкан жок, өтүнүчтөр да келтирилген жок. Акыйкат сот системасынын иллюзиясы да көрүнбөдү”,-деди Навальный.

2018-жылы президенттик шайлоого катышууну көздөгөн активисттин демилгеси менен 26-мартта Орусиянын жүзгө чукул шаарында нааразылык акциялары өтүп, ага он миңдеген адамдар катышты. АКШ менен Евробиримдик Орусиядагы жүрүш маалындагы камоолорду айыптап чыкты.

XS
SM
MD
LG