Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

Москва Киевди газ менен коркутууда


Киевдеги газ түтүктөрү. 4-март, 2014-жыл.
Киевдеги газ түтүктөрү. 4-март, 2014-жыл.

Орусиянын бийликтери украин кризисине байланыштуу Батыш орустардын мунай менен газынан баш тартса, башка кардарлар табыларын эскертти.

Ал арада АКШ менен Германиянын жетекчилери Орусияга каршы жаңы санкцияларды талкуулашты.

Ак үйдүн билдиришинче, АКШ президенти Барак Обама менен Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын Украинага карата мамилесине байланыштуу Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылгандай, экөө кайрадан Орусияны чек ара аймагынан аскерлерин алып кетүүгө чакырышты.

Билдирүүдө «алдын ала пландалган тукуручулук жана саботаж өнөктүгү аркылуу, орусиячыл күчтөр Москванын ачыктан ачык колдоосуна таянып, Украинаны бейстабилдештирип жаткандыгы» айтылат.

Ага ылайык, Барак Обама «эгер Орусия чектен чыккан кадамдарга барса, АКШ, Европа Биримдиги жана башка глобалдык шериктер кошумча санкцияларга даяр турушу» керектигин белгиледи.

АКШ ошондой эле Москванын Украинаны энергетиканы колдонуп, коркутуп жаткандыгын сынга алды.

- Биз Орусиянын энергияны Украинага каршы мажбурлоонун аспабы катары колдонушун айыптайбыз. Украина азыр газ үчүн 1000 куб метрине 485 доллардан төлөп жатат. Бул базар баасы эмес. Бул Европа Биримдиги төлөгөн орточо баадан кыйла жогору, - деди АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Жен Псаки.

Орусиянын президенти Владимир Путин мунун алдында европалык 18 өлкөнүн лидерлерине Украинанын карызы боюнча кырдаал өтө татаал экендиги тууралуу жазды. Өз катында Путин эгер Киев 2.2 миллиард доллар карызынан кутулбаса, Украинага газ жиберүү токтоп калышы мүмкүн экендигин эскертти.

Кремлдин билдиришинче, 10-апрелдеги катында Путин ошондой эле Европа лидерлерин Украинанын карызына байланыштуу орус газын Европага жиберүү "жарым-жартылай", же толугу менен токтотулушу мүмкүн экендигин эскертти.

Путин мындан тышкары Украина Европага кеткен газдан кымтып алып жатат деп ырастап, Европа биримдиги менен бирдикте Украинанын экономикасын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Бул күнү АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Виктория Нуланд Сенатта сүйлөп, Орусиянын экономикасы аксап жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, рублди колдоо үчүн Орусия акыркы бир жарым айда 25 миллиарддан ашык доллар сарптаган. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде Орусиядан өткөн бир жылдагыдан да көп көлөмдө капитал чыгарылды.

Ал арада Орусиянын биринчи вице-премери Игор Шувалов эгер Батыш өлкөлөрү газ менен мунайды башка жактан ала баштаса, Орусиянын келечектүү кардарлары бар экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG