Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Энергохолдинг: Шайлоо күнү электр өчкөн сегиз учур катталды


Бүгүнкү добуш берүү күнү Кыргызстанда жалпысынан сегиз жерде электр жарыгы өчүп, добуш берүүгө тоскоолдук жаралды. Бул тууралуу Өкмөт үйүндө өткөн пресс-конференцияда Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев билдирди.

Калиевдин белгилешинче, эң узакка созулган өчүрүү Кадамжайда катталды. Буга электр зымдарынын үзүлүшү себеп болду. Бирок ал жерде иш кайра жөнгө салынды.

Ошону менен катар улуттук Энергохолдингдин жетекчиси шайлоо бекеттери 100% альтернативдүү энергия булагы менен камсыз болгонун кошумчалады. (RK)

XS
SM
MD
LG