Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Москванын Киев менен Кишиневго урчу соккусу


Евробиримдиктин жактоочулары. Молдова. 2-июль, 2014-жыл.
Евробиримдиктин жактоочулары. Молдова. 2-июль, 2014-жыл.

Украина, Грузия жана Молдова 27-июнда Европа Биримдиги менен экономикалык кызматташууну жакшыртчу тарыхый келишимдерге кол койду. Буга экс-советтик коңшуларын өз таасири астында болуусун каалаган Москва кандай жооп берди?

Oрусия пост-советтик коңшу мамлекеттердин Европа Биримдиги менен жакын мамиледе болуусун каалабаганын жашырган эмес. Украина 27-июнда Евробиримдик менен экономикалык алыш-беришти жакшыртуучу келишимге кол койгондо Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин келишимдин кесепети Киев үчүн жакшы болбосун эскерткен.

Украинага катар берегидей келишимге Грузия менен Молдова да кол коюшкан. Москва Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке кысым жасап жатып, 2013-жылы ноябрда биримдик менен Ассоциациялык мүчөлүк боюнча келишимге кол койдурбай койгон.

Эми үч экс-советтик республика Евробиримдик менен тарыхый келишимди түзгөн соң Москва алгачкы “каршы кадамдарды” жасады.

2-июлда Молдова парламенти Евробиримдик менен кеп болуп жаткан келишимди ратификациялаган күнү Москва Молдовадан экспорттолчу эттин түрлөрүнө чектөө киргизилерин жарыя кылды. Чектөө буга чейинкидей эле, санитардык чаралар менен деп негизделди. Молдованын товарлары үчүн Орусия үчүнчү чоң базар болгондуктан, санитардык чара Кишиневдун капчыгына олуттуу зыян келтирери шексиз.

Москва 3-июлда Кишиневдун амирин тааныбаган Приднестровье региону менен соода-экономика, транспорт, айыл чарба боюнча келишим түздү.

Ошол эле күнү Приднестровьенин лидери Евгений Шевчук Молдовадан биротоло бөлүнүп чыгуу үчүн Орусия, Евробиримдик, АКШ, Украина, Молдова катышкан сүйлөшүүнү өткөрүүнү сунуш кылды:

- Сунуш Приднестровьенин ырааттуу жашоосун камсыздоо жана Кишиневдон цивилизациялуу жол менен ажырашуу үчүн стратегиялык көз караштан туруп жасалды.

Өз кезегинде Кишинев “Орусия-24” телеканалынын берүүлөрүн токтотуп, төрт жергиликтүү телестанциянын орусиялык программаларды көрсөтүүсүнө тыюу салды.

Приднестровьеде совет заманынан бери 14-армия жана көп сандагы аскерий арсенал турат. Армияны Москва каалаган учурда пайдалана алат.

Кремл Киевди кантип жазалоону али ойлонуштурууда. Бирок Украина - Евробиримдик ортосундагы келишим күчүнө кирер замат украиналык товарлардын өлкөгө эркин ташылуусу чектелет. Бул жөнүндө Орусиянын бажы кызматы 4-июлда билдирди. Анын артынан эле санитардык себептер менен Milkiland Ukraine компаниясы чыгарган сүт, сыр жана майды импорттоого тыюу салынды. Ал эми Москванын эң күчтүү буроосу көгүлтүр отун. Өкмөттүк "Газпром" концерни Янукович тактыдан кулатылгандан бери газдын баасын эки эсеге чукул көтөрдү жана дембе-дем карызды доолап, украин өкмөтүнүн шаштысын алууда.

Москва азырынча Грузияга каршы конкреттүү чара көрө элек. Буга балким 27-июнда Грузия Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койордон бир күн мурда НАТОнун "Альянска өтүү Грузияга сунуш кылынбайт" деп билдиргени себеп болду. Дипломаттык булактардын айтымында, НАТО эгер Грузияга мүчөлүк сунуш этсе, Орусия Украинанын чыгышындагыдай “куралдуу калаба” уюштурат деп кооптонгон. Бирок Москва мурдагы адатына салса, Грузиядан экспортту тыйып, газга бааны жогорулатышы ыктымал. Же өзүн Тбилисиден күнкорсуз жарыялаган Түштүк Осетияны Крым сыяктуу аннексиялап алат.

XS
SM
MD
LG