Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Отун-энергетикалык комплекс боюнча агенттик жетекчисине сөгүш жарыяланды


Энергетиктердин оңдоо иштери.
Энергетиктердин оңдоо иштери.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт алдындагы Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин директору Таалайбек Нурбашевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Нурбашевге сөгүш жарыялоого өкмөттүн тапшырмаларын өз убагында аткарбаганы негиз болгон.

Ошондой эле Жээнбеков Улуттук энергетикалык холдингдин директору Айбек Калиевдин жоопкерчилигин кароону Мамлекеттик мүлк фондуна тапшырды.

Буга чейин бир катар аймактарда суук түшкөн учурда жарык өчүп, өкмөттүн кышка даярдыгы катуу сынга кабылган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG