Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Фергана: химзаводдогу жарылуудан бир нече киши набыт болду


Фергана азот заводу.
Фергана азот заводу.

23-февралда Өзбекстандын Фергана шаарындагы "Фергана азот" ишканасында жарылуу болуп, бир нече адам курман болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

"Болжол менен саат 16,30тарда аммиак сакталган цехте оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткан маалда жарылуу болду. Кырсык бир нече адамдын өмүрүн алды", - деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

Азырынча мерт кеткендердин жана жаракат алгандардын так саны белгисиз.

Министрлик билдиргендей кырсыктын себебин иликтөө жана жабыркаганардын жакындарына жардам көрсөтүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

«Фергана азот» – Өзбекстандагы азот жер семирткичтерин өндүргөн ири ишкана. Завод жылына 270 миң тонна карбамид жана 350 миң тонна аммиак селитрасын чыгарат.

XS
SM
MD
LG