Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Киев-Москва сүйлөшүүсү оппозициянын назарында


Бүгүн Украинанын президенти Виктор Янукович Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Эки президент украиналык товарларга соода чектерин жоюу боюнча планга кол коюушарын жарыялашты.

Алдын ала маалымат боюнча, Москва Киевге кредит берет же газдын баасын төмөндөтөт деп күтүлгөн эле. Кредиттин так суммасы айтылбаса да, Украина буга чейин Евробиримдик менен сүйлөшүү учурунда экономикалык туруктуулук үчүн 20-30 млрд. евро керек деп айткан. Жолугушуудан кийин газдын баасы да ылдыйлашы күтүлгөн эле.

Оппозиция болсо бул жолугушууда Киевди Бажы биримдигине мүчөлүккө түрткөн чечим кабыл алынып калышы мүмкүн деп кооптонууда. Анда автоматтык түрдө Евробиримдикке Украина үчүн жол жабылат.

Оппозиция лидери Виталий Кличко Янукович газ боюнча келишимге кол коюшу мүмкүн деп чочулайт.

- Биз ар кандай булактардан газдын баасы төмөндөөрү тууралуу маалымат алдык. Газдын баасы төмөндөйт, бирок ал үчүн Украина газ куурун берет. Газдын транзити экономикадагы стратегиялык компонент. Украинанын кызыкчылыгы сакталышы абзел.

16-декабрда Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго Евробиримдик - Украина байланышы Орусияга коркунуч жаратпайт деген ойду айтышты.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон Евробиримдик Киев менен Ассоциациялык келишимге кол коюуга дагы деле даяр экенине токтолду.

- Ассоциациялык келишим Украинанын кыска мөөнөттөгү экономикалык маселелерин чечет деп ишенем. Кол коюлса, эл аралык базарларга жана каржы институттарына ишенимдүү белги жетет. Ошондой эле бул чечим саясий жана экономикалык реформаларга түрткү болмок.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Евробиримдиктин министрлерине Украинага басым жасалбаш керек ойду айтканын дагы бир жолу кайталады.

- Биз ар бирибиз эгемен өлкөнүн чечимин урматтоо керектигин талкууладык. Адамдар чечимди өздөрү кабыл алышы зарыл.

Украин бийликтери Ассоциациялык келишимге даярдыкты токтотуп койгондугуна нааразылар өлкө боюнча митингдерди төрт жумадан бери улантышууда.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG