Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Нарын: 14:00гө чейин добуш бергендер саны 20 пайызга жеткен жок


Нарын облусунда саат 14:00гө карата добуш бергендер саны 20 пайызга жете элек. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Алмаз Аскаровдун "Азаттыкка" билдиришинче, учурда шайлоочулардын 16,5 пайызы жергиликтүү кеңешти шайлоого, ал эми референдумга облустуа катталган шайлоочулардын 17,3 пайызы добуш берди.

Нарын облусу боюнча 165 шайлоо участогунда добуш берүү жүрүп жатат. Анын 146сында жергиликтүү кеңеш депутаттарына да шайлоо өткөрүлүүдө.

Облуста шайлоочулардын саны 170 миң 294 адам.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүүчү айыл аймактарындагы жана шаардагы шайлоочулардын саны 157 миң. (MiK)

XS
SM
MD
LG