Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Словянскидеги куралдуу кагылыштар


Украин аскерлери Словянскиге кире бериштеги тосмолордон өтүп жатат, 24-апрель, 2014
Украин аскерлери Словянскиге кире бериштеги тосмолордон өтүп жатат, 24-апрель, 2014

Украинанын коопсуздук күчтөрү өлкө чыгышындагы Словянск шаарын басып алган орусиячыл топторго каршы чабуул баштады жана беш жикчил өлтүрүлгөнүн кабарлап жатат. Бул аймактагы шаарларда өкмөттүк имараттарды ээлеп алгандарга каршы жаңы аскерий операция баштоо тууралуу бир нече күн мурда айтылган.

Словянскиде украин өкмөттүк аскерлери менен шаарды басып алгандар ортосунда куралдуу кагылыштар ушул сааттарда уланып жатканы кабарланууда. Жикчилдер тараптан беш адам өлгөнү жөнүндө украин аскерлери билдиришти.

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Словянскидеги соңку окуяларды комментарийлеп жатып, “Эгер чындап Киевдеги бүгүнкү режим өз элине каршы курал көтөргөн болсо, өтө олуттуу кылмышка барганын көрсөтөт жана мунун кесепети болот”, - деди.

Словянскидеги блокпост


Мунун алдында украин өкмөтү орусиячыл жикчилдерге каршы аскерий операциянын алгачкы ийгиликтери тууралуу билдирген.

Ички иштер министри Арсен Аваков Кара деңиздин жээгинде жайгашкан Мариуполь шаарынын мэриясын ээлеп алгандарды украин аскерлери толугу менен кууп чыгарышканын айткан эле. Мэриянын имаратын ээлеп тургандардан беш киши жаракат алганын жергиликтүү интернет-сайт жазды.

Мындан сырткары Аваков өткөн түнү Словянск менен Донецктин ортосунда жайгашкан Артемовск шаарчасындагы аскерий базага 70 сепаратист куралдуу кол салганын, аларга каршы украин аскерлери ок чыгарганда гана таркап кетишкенин айтты. Министрдин кабарына караганда, бир аскер бул окуяда жаракат алды.

Ал арада АКШнын президенти Барак Обама Токиого сапары маалында бүгүнкү маалымат жыйында Орусия дале Женева келишимин аткарбай жатканын айтып сындады.

"Непада Орусия кайра эле Женевада келишилген макулдашуудан тайып, аны аткарбай турган болсо, анын сөзсүз кесепети болот жана биз дагы санкцияларды киргизебиз", - деди Обама.

Украин армиясы Словянскиге кире бериштеги блокпостту ээлешти


Ал эми Москвадагы Эл аралык мамилелер институтунда сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батышты Украинада “бийликти мыйзамсыз алмаштырыш үчүн” дагы бир түстүү ыңкылап жасап жатат деп айыптады.

Анын айтымында, Европадагы коопсуздук жаатындагы проблемалар жана акыркы жылдары НАТОго улам жаңы өлкөлөрдү, алардын ичинде постсоветтик аймактагы мамлекеттерди да сөзсүз кошуу аракеттери ушул кризиске алып келди.

"Мунун баары азыр Украинада түзүлгөн кырдаалга таасир этти. Биз азыр дипломатиялык эмес, илимий чөйрөдө отурабыз, ошон үчүн келиңиздер, акты ак, караны кара деп айталы: Украинада Евробиримдик менен АКШ бийликти конституциялык эмес жол менен алмаштырып, кезектеги “түстүү ыңкылап” уюштурууга аракет кылышты", - деди орус министри.

Лавров Украинаны АКШ менен Евробиримдиктин Орусияга каршы “геосаясий оюнчугу” болуп калышы мүмкүн деп эскертти.
Словянскидеги атайын операциядан сүрөт баян
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG