Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Казакстанда жолдо калган кыргызстандык аял жардамга муктаж


Петропавловск шаарындагы автобекет
Петропавловск шаарындагы автобекет

Орусиядан депортацияланган кыргызстандык Сабыркүл Исакова Казакстандын Петропавловск шаарынын автобекетинде акчасыз олтурат. Беш күндөн бери көчөдө жүргөн аял үйгө жетип алуу үчүн кыргызстандыктардан жана Казакстандагы кыргыз элчилигинен жардам сурап жатат. Телефон номуру +77786304324.

Сабыркүл Исакова алгач Орусиядан чыгып, Пресногорьковка айылына туш келген. Жергиликтүү тургундун үйүндө бир күн туруп, андан соң эптеп Петропавловскиге келген. Бүгүн (17-январь) анын Казакстандын аймагында беш күндүк каттоосуз жүрүү мөөнөтү аяктайт. Орусиядан чыгарылган кыргызстандык келин Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну.(SE)

XS
SM
MD
LG