Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Украина: Батыш – Орусия кайым айтышы


Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон айым Брүсселде маалымат жыйыны маалында. 03.03.2014.
Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон айым Брүсселде маалымат жыйыны маалында. 03.03.2014.
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери кечээ Брүсселде чукул жыйынын өткөрүп, эгерде Орусия Украинага каршы куралдуу иш-аракетинен баш тартпай турган болсо, анда расмий Кремлди жазалоочу чукул чараларды карап көрүү тууралуу чечим кылышты.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон:


- Эгерде Орусия тараптап чыңалууну жойо турган кадамдар жасалбаса, анда Евробиримдик мындан Орусия менен Евробиримдиктин мамилесине кандай кесепеттер болорун чечет. Биз виза маселелери жана жаңы макулдашуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнү токтотуу жана максаттуу чараларды кароо жөнүндө кеңештик.

Кэтрин Эштон Евробиримдик Орусия бийлиги Украинанын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн ачык эле бузганын кескин айыптаарын кошумчалады:

- Биз Орусияны өз аскерлерин Кара деңиз флоту боюнча макулдашууларга ылайык Украинада туруктуу жайгашкан аймактарына тезинен алып кетүүгө чакырабыз. Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн баскынчыл аракеттеринен жана орус аскерлеринин Украинада пайдаланылышына уруксат берилгендигинен улам, Украинанын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү айдан ачык эле бузулганын айыптайбыз. Муну менен Орусия өзүнүн эл аралык милдеттемелерин бузганы да талашсыз.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлүнүн айтымында, ал шаршембиде Киевге келгенге чейин бүгүн Мадридде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

Вашингтондогу Ак үйдүн билдиргенине караганда, АКШ вице-президенти Жо Байден орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, эгерде Украинадагы “кырдаал жөнгө салынбай” турган болсо, анда өлкөнүн эл аралык коомчулуктан экономикалык жана саясий жактан обочолонуп калуусу күчөй турганына ачык эле ишаара кылган.

Ал эми АКШ президенти Барак Обама Ак үйдөн сүйлөгөн учурунда Крымга аскер киргизүү чечими эми Орусия үчүн кымбатка тураарын, Крымдагы кырдаал эл аралык коомчулукта терең тынчсыздануу жаратып жатканын жана расмий Москва эл аралык укукту бузуп жатканын баса айткан.

Мунун алдында Чоң Сегиздик тобунун жети өлкөсү - Чоң Жетилик - быйыл июнда Сочиде өткөрүлөөрү алдын-ала белгиленген саммитке даярдык иштерин токтотконун жарыялашкан эле.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри "Орусия Крымга аскер киргизүүдөн мурда жети ойлоп, бир кесиши керек болчу" деп эскерткен.

Орусия тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө Керринин айткандарын “кабыл алынгыс” деп четке кагып, аны мурдагы “кансыз согуш” доорунун түшүнүктөрүнө таянгандык катары мүнөздөдү.

Орус тышкы саясий мекемесиинин басма сөз катчысы Александр Лукашевич:

- Украин коомундагы татаал жүрүмдөрдү териштирүү үчүн убаралануунун жана Киевдеги бийликти радикал–экстремисттер күч менен басып алган соң деградациялануусу уланып жаткан кырдаалга калыс баа берүүнүн ордуна, Мамлекеттик катчы "кансыз согуш" доорунун эски калыптарына таянууда. Ал мамлекеттик төңкөрүш уюштургандарды эмес, Орусия Федерациясын жазалоону сунуш кылып жатат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Женевада БУУнун Адам укуктары кеңешинин сессиясынын ачылышында сүйлөп, орус аскерлери Крымга ал жердеги орустарды коргоо үчүн убактылуу киргизилгенин билдирген.

НАТОго мүчө мусулман жумурияты - Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Киевде Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов менен жолугуп, расмий Анкара Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн ырааттуу колдой тургандыгын билдирди.

Украин президентинин милдетин аткаруучу Турчиновдун айтымында, өлкөнүн орус тегиндегилер көп жашаган түштүк жана чыгыш бөлүгүндө кырдаал татаал бойдон калууда, бирок бул аймактар бийликтердин көзөмөлүндө турат.

Кечээ Донецк шаарында орусиячыл демонстранттардын жоон тобу облустук акимчиликтин имаратына кирип барышкандыгы маалымдалды. Айрым украин шаарларында ыктыярчылар аскерге чакыруу жайларына өздөрү келип, Украинанын эгемендиги үчүн күрөшкө катышуу ниеттерин билдиришүүдө..

Турчинов белгилегендей, Орусиянын Крымдагы аскерлери менен техникасынын саны улам артып барат. Орусиянын Кара деңиз флоту Украинанын кемелерин Севастополдогу булуңда камалап турат.

Орусиянын Кара деңиз флотунун командачылыгы Украинанын коргоо министрлигинин "бул орусиялык флот тарабынан Крымдагы украин аскер күчтөрүнө "эгерде шейшемби таңга дейре багынбасаңар, силерге каршы чабуул башталат" деген ультиматум коюлду" деген билдирүүсүн “болбогон кеп” деп четке какты.

Соңку күндөрү Борбордук Азиядагы Бишкек жана Алматы шаарларында коомчулук өкүлдөрү Украинанын эгемендигине тилектештик билдирген жана тараптарды тынчтыкка чакырган иш-чаралар өткөрүштү. Кыргызстандык блогчулар Орусиянын расмий маалымат каражаттарын Украинадагы кырдаалды калыс чагылдырууга үндөшүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG