Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Мосулдагы жарылуудан 100дөн ашык адам мерт кетти


Мосул
Мосул

Жарылуу экстремисттер орноткон миналардан улам болгону кабарланууда.

Бригадалык генерал Мухаммад ал-Жабуринин билдиришинче, Ирактын өкмөттүк күчтөрү менен «Ислам мамлекетинин» жоочуларынын ортосунда кармаш жүрүп жаткан Мосул эл-Жабури районундагы жарылуудан кийин 108 адамдын сөөгү табылды.

Көз карандысыз «Мосул назары» уюму ИМ согушкерлери жай тургундарды үч үйгө камап, көчөгө бомбаларды орнотуп, чатырларга көзгө атарларды койгонун билдирди. Уюмдун маалыматы боюнча жарылуудан 130 киши курман болду.

Американын аба күчтөрүнөн колдоо алган Ирак армиясы өлкөдөгү экинчи ири шаардын чыгыш тарабын жүз күндүк кармаштан кийин январь айында бошоткон. 19-февралдан тарта өкмөттүк күчтөр ИМ жоочуларын экстремисттик топтун Ирактагы акыркы таянычы болгон Батыш Мосулда кысымга алуусун баштаган.

БУУ өкүлдөрүнүн айтымында, учурда 400 миңдей жай тургун эски шаарда калууда. Алар тамак-аш менен суунун жетишсиздигинен жабыркап, согуш болуп жаткан оор шартта күн кечиришүүдө.

XS
SM
MD
LG