Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Украинада атышуулар кайра күч алды


Жикчилдердин аткылоосунан талкаланган Мариуполдун жанындагы Сартана айылы, 17-август, 2015-жыл
Жикчилдердин аткылоосунан талкаланган Мариуполдун жанындагы Сартана айылы, 17-август, 2015-жыл

Кечээ жана бүгүн түндө өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин ортосундагы атышуулардан Украина чыгышында онго жакын адам набыт болгону кабарланууда.

Жергиликтүү элдин айтуусунда, бул өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин акыркы үч айдагы эң катуу салгылашуусу.

17-августта Украинанын чыгышындагы Мариупол шаарындагы өкмөттүк күчтөр менен шаардын чыгыш тарабында жайгашкан орусиячыл жикчилдер ортосунда айыгышкан уруш болду. Жикчилдердин аткылоосунан Мариуполдон беш чакырым чыгыштагы Сартана кыштагынын тамдары кыйрап, мунай сактоочу терминал зыян тарткан. Мариуполду аткылоону Украинанын Донецк облустук прокуратурасы теракт катары баалап, ушул берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Прокуратуранын маалыматына караганда, 16-августтан 17-августка караган түнү өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган күчтөр Мариупол шаарынын чет жакасын оор артиллериядан массалык түрдө аткылаган.

“Артиллериялык аткылоолордон бир эркек киши жана жаш келин набыт кетти. Ошондой эле алты жайкын тургун жараат алды. Алардын арасында он жаштагы бала да бар. Булардан тышкары, элүү үй, айыл чарба имараттары жана газ кууру зыян тарткан” деп айтылат облустук прокуратуранын билдирүүсүндө. Украин аскерлеринин маалымдашынча, жикчилдер акыркы суткада ок атышпоо келишимин 148 жолу бузган. Андан эки жоокер курман болуп, ону жаракат алган.

Ошол эле кезде жикчилдер Донецк шаарынын чет жакасын жана Горловка шаарын аткылоодо деп өкмөттүк аскерлерди айыптоодо. Алар акыркы маалыматтарда украин аскерлеринин аткылоосунан беш адам набыт кетип, 14 киши жаракат алганын айтышууда. Өкмөттүк аскерлер жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донецк аймагын 17-августта да аткылап жатышканы кабарланды. Бул кырчылдашкан уруштар Азов деңизинин боюнда өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин тынымсыз ок атышуусу башталганына бир жума болгондон кийин болуп отурат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Москвада акыркы жумадагы окуялар боюнча Киевди айыптады

- Акыркы күндөрдөгү окуялардын өнүгүшү бизди кабатыр кылууда. Бул кезектеги согуш аракеттерин баштоого болгон даярдыктай туюлат, - деди Сергей Лавров.

Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Украинадагы абалды “өтө кооптуу” деп атады. Германиянын башкы дипломатынын 16-августта айтуусунда, жаңжалдын кайра күч алышын сүйлөшүү аркылуу гана алдын алса болот.

“Тараптар сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайтпаса, куралдуу эскалация кайрадан башталышы мүмкүн",– деди Штайнмайер германиялык Bild am Sonntag гезитиндеги интервьюда.

Февралда Минскиде ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, ага ылайык уруштар кыйла азайган. Бирок өткөн жумадан бери атышуулар, анын ичинде оор артиллериялык курал-жарактар менен аткылоо күчөдү. Бул үчүн тараптар бири-бирин айыпташууда.

Акыркы күндөрү ок атышуулар жүрүп жаткан Маруипол шаары аркылуу Орусияны, ошондой эле жикчилдердин көзөмөлүндөгү Украинанын чыгышын Крым менен байланыштырган кан жол өтөт. Акыркы аптадагы уруштардын көбү да ушул кан жолдо жүрүп жатканы маалымдалууда. Москва болсо Крымды басып алганына бир жылдан ашты. Ал эми былтыр апрелде тутанган куралдуу жаңжал Украина чыгышында 6,5 миңдей кишинин өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG