Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Экс-министр: ЕККУнун макамын өзгөртүүнүн зыяны жок


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

ЕККУнун Бишкектеги борборун программалык кеңсе кылып өзгөртүү менен уюм кеңсесин жаап кетип калбайт. Мындай пикирин мурдагы тышкы иштер министри, ЖК депутаты Руслан Казакбаев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, ЕККУ макамын өзгөртүү көп эле мамлекеттерде колдонулуп келген тажрыйба. Ошондуктан, ЕККУнун макамы өзгөрсө уюм программаларын жаап салат деп айтылып жаткан кептер туура эмес, анткени мындай чечимди уюмга мүчө 57 өлкө кабыл алат,- деди Казакбаев.

Экс-министр “ЕККУнун аянты террорчулукка жана улут аралык касчылыкка айыпталып, соттолгон кишилерге берилбесин, так ушул берене менен соттолгон Батыровго кантип үч жолу сөз берилгенине түшүнбөгөнүн” айтты.

ЕККУнун Бишкектеги борборунун макамын программалык кеңсеге айландыруу сунушун ТИМ 27-сентябрда берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG