Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

1-октябрдын аба ырайы


30-сентябрдан 3-октябрга чейин Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот. 2-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Абанын температурасы тоолуу райондордо -1…-6° чейин төмөндөйт.

3-4-октябрда Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында айрым жерлерде аба ырайы 0…-2° чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Үшүк жыйналбаган жашылчага, мөмө-жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

1-октябрда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүзү 15…20 градус жылуу болот.

Таласта түнкүсүн 4…9, күндүзү 13…18 градус жылыйт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15, күндүзү 18…23 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүзү 13…18, Нарында түнкүсүн 1…6, күндүзү 14…19 градус жылыйт.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүзү 10…15, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн аба ырайы -3…-8 градуска чейин төмөндөп, күндүзү -2…+3 градус суук болот.

1-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 10…12°, күндүзгү температурасы 18…20° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG