Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Киев менен Батыш Москваны айыптоодо


Украина -- Орусиячыл жикчилердин баррикадасы, Словянск шаары, 14-апрель, 2014-жыл
Украина -- Орусиячыл жикчилердин баррикадасы, Словянск шаары, 14-апрель, 2014-жыл

БУУнун Коопсуздук кеңеши Орусиянын сунушу менен Украинанын чыгышындагы кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Анын алдында Украинанын утурумдук президенти Александр Турчинов орусиячыл жикчилерге куралын тапшыруу жана ээлеп алган өкмөттүк имараттарды бошотуу үчүн 14-апрелге чейин убакыт берген. Андай болбосо, армия “масштабдуу антитеррордук операция” баштаары эскертилген.

Орусиянын элчиси Виталий Чуркин Украин бийлигинин соңку билдирүүсү чочулатаарын айтты. “Киев чыгыш Украинадагы элге каршы күч колдонууну токтотууга жана диалог баштоого тийиш”, - деди Орусиянын өкүлү.

АКШнын элчиси Саманта Пауэр болсо Украинадагы бейстабилдүүлүктүн сценарийин “Орусия жазып, аны өзү жетектөөдө” деп билдирди. Ал Вашингтон "өлкөнүн келечегин украин эли өзү чечиши керек деген фундаменталдуу принципти карманаарын” кошумчалады.

Кризис Орусия тараптан атайлап түзүлүп жатат деген ойго кошулган украин элчиси Юрий Сергеев Москваны “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген аракеттерди токтотууга” үндөдү:

- Биздин чалгынчылардын маалыматтарына караганда, өткөн бир жарым айда Украинанын чыгыш региондоруна Орусиянын атайын кызматкерлери аларды өлкөдөн бөлүп кетүү үчүн бийликти басып алуу, кырдаалды бейстабилдештирүү боюнча ири операция жүргүзүү тапшырмасы менен келген.

Ал тапта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 14-апрелдеги пресс-конференцияда АКШ Борбордук чалгындоо кызматынын (ЦРУ) жетекчиси Киевге барды деген маалыматтарга байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылуу менен буларды айтты:

- Орусия Украинанын ички иштерине кийлигишпейт, бул – биздин кызыкчылыгыбызга каршы келет. Ал жакта ГРУ же ФСБнын бир да агенти жок.

Жекшемби күнкү телекайрылуусунда убактылуу президент Турчинов Орусия чыгышта башаламандыкты жайылтуу менен Украинага каршы “согуш” жүргүзүүдө деп айыптап, Киев “Крым сценарийи кайталанышына” жол бербейт деп эскерткен.

16-марттагы референдумда жарым аралдын тургундары Украинадан бөлүнүп, Орусияга кошулуу үчүн добуш беришкен.

Турчинов орусиячыл жикчилерге курал тапшыруу жана ээлеп алган өкмөттүк имараттарды бошотуу үчүн 14-апрелге чейин убакыт берген. Андай болбосо, армия “масштабдуу антитеррордук операция” баштаары эскретилип, курал таштагандар сот жообуна тартылбастыгы айтылган.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги митингчилерге каршы күч колдонууну айыптап, Украин бийлигин “өз элине каршы урушту дароо токтотууга” үндөдү.

Ишембиде орусиячыл жикчилер Словянск шаарынын мэрия, ички иштер бөлүмү жана коопсуздук кызматынын кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алышкан.

Ички иштер министри Арсен Аваков ок атышууда украин коопсуздук кызматынын бир офицери окко учканын, бешөө жарадар болгонун маалымдаган.
Министрдин айтымында, орусиячыл жикчилердин арасында да жоготуулар болду.

Украинанын чыгыш облустарындагы Краматорск, Красный Лиман, Мариуполь өңдүү бир катар башка шаарларда да орусиячыл куралчан топтор милиция бөлүмдөрүнө кирип барышкан. Харьковдо орусиячыл жана украиначыл демонстранттардын кагылышуусунда расмий маалыматка караганда, кеминде 10 киши жарадар болду.

Донецкте 6-апрелде басып алынган администрация имараты бошотула элек. Орусиячыл активисттер автономия же Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүүнү талап кылышууда.

Соңку кабарларга ылайык, Турчинов президенттик шайлоо боло турган 25-май күнү мамлекеттик түзүлүш боюнча жалпы элдик референдум өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирди.

XS
SM
MD
LG