Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Словянск шаары жикчилерден бошотулду


Украина аскерлери Словянск шаарынын көчөлөрүндө. 5-июль, 2014-жыл
Украина аскерлери Словянск шаарынын көчөлөрүндө. 5-июль, 2014-жыл

Украин президенти Словянск шаарын орусиячыл жикичлерден ийгиликтүү бошотуу - козголоңчуларга каршы күрөштө бурулуш учур болгонун билдирди.

Президент Петро Поршенко ошол эле маалда Словянск жана Украинанын чыгышындагы башка шаарларды кайтарууну "толук жеңиш" деп атоо али эрте экенин белгилеп, армия Донецк жана Луганск облустарын бошотуу операциясын улантаарын айтты:

- Бүгүн, 5-июлда Украинанын куралдүү күчтөрү жана улуттук гвардия Словянск шаарын террорчулардан бошотушту. Бүгүн куралчан топтор бекем коргон деп ойлошкон шаарда Украинанын желеги желбиреп атат. Ооба, бул толук жеңиш эмес. Салют атып майрамдоо али эрте. Ошентсе да, Словянскты жакшы куралданган бандиттер тобунан тазалоо символикалык мааниг ээ. Бул – Украинанын аймактык бүтүндүгү, Донбасстын нормалдуу турмушка кайтуусу үчүн күрөштө бурулуш учур болуп калды. Донбасс – кубаттуу, европалык Украинанын бөлүнгүс жери, - деди президент 5-июлдагы телекайрылуусунда.

Премьер-министр Арсений Яценюк өкмөт мүчөлөрүнө кайтарылган жерлерде тартип коргоочулар, сот системасы, медициналык кызматтын жана башка мекемелердин ишин калыбына келтирүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

Жекшембиге караган түнү Украинанын куралдуу күчтөрү жикчилерди Словянсктан кууп чыгып, шаар администрациясынын имаратына улуттук желекти илишкен.

Урушта көптөгөн согушкерлер жок кылынып, же жарадар болгону маалымдалууда. Айрым кабарларга караганда, козголоңчулар облустун борбору Донецк шаарына агылышты.

Ички иштер министри Арсен Аваков алардын калың тобу Словянсктын жанындагы Горливка шаарчасына топтолушканын Фэйсбукта жазды.

Акыркы окуялар Киевдин чыгыш айтамктарды кайтарып алуу боючна дээрлик 3 айдан бери созулуп келаткан операциясындагы алгачкы ири ийгилик болуп калды.

Порошенконун вебсайтында жарык көргөн маалыматка ылайык, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын кол башчысы жикчилердин турумдары ракетадан аткыланганын, алардын бир танкы жана башка оор техникасы жок кылынганын билдирди.

Лугансктын мэри Владимир Павленконун айтымында, бир нече күндөн берки аткылоо менен авиасоккулардан улам согушкерлер шаардан кете башташты.

Козголоңчулардын лидери болсо алар чегингенин, бирок жеңилбегенин айтууда. "Каршылык көргөзүү улана берет", - деди өзүн “Донецк элдик республикасынын” лидери деп атаган Андрей Пургин.

Интерфакска берген интервьюда ал шаардан жайкын тургундарды коргоо үчүн чыгып кетишкенин айтты.

XS
SM
MD
LG