Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Текебаевдин адвокаты УКМКга киргизиле элек


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

26-февралдын таңында "Манас" аэропортунда кармалган Өмүрбек Текебаевдин адвокаты УКМКга киргизиле элек. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди. Кылмышка шектүү кармалары менен адвокатына жолугууга укуктуу. Бирок укук коргоо органдары аны менен жолугууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат.

Адвокат Жакупбекова муну мыйзам бузуу катары баалап жатат.

Ал арада Текебаевдин ден-соолугу начарлаганы кабарланып, жубайы Айгүл Текебаева УКМКнын имаратына кирип, керектүү дары-дармектерин берип чыкты. Анын айтымында, саясатчы көпкө кармалышы мүмкүн.

26-февраль таңда Текебаевди күч органдарынын өкүлдөрү Стамбулдан келип конгон учактан чыгып аткан маалда кармап кеткен.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 2010-2012-жылдардагы “Мегаком” акцияларынын чатагы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери менен иш козгогон. (BkA)

XS
SM
MD
LG