Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Улуттук университетти текшерүүдө миллиондогон сом кем чыкты


Эсептөө палатасы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жүргүзүлгөн текшерүүдө 9,9 миллион сомдук каржылык мыйзам бузууну аныктады.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, окуу жайда 2015-жылга бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланылышы боюнча аудит жүргүзүлгөн. Аныкталган каржылык мыйзам бузуулардын ичинен, каражаттарды чыгымдоодо 9,5 миллион сом кем чыккан. Мунун 2,9 миллиону эмгек акы катары негизсиз төлөнгөнү ачыкка чыккан. Ашыкча жазылган карыздар 6,6 миллион сомду түзгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча бардык мыйзам бузууларды жана иштеги кемчиликтерди жоюу жана аларды андан ары болтурбоо боюнча эскертүү берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG