Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Виктор Черноморецтин сөөгү Токмокко коюлат


Президенттин мурдагы кеңешчиси жана Мамлекеттик резиденциянын мурдагы директору Виктор Черноморец 6-декабрда Бишкекте көз жумду.

Маркумдун жакындарынын билдиришинче, жүрөк илдетинен жабыркап келген 74 жаштагы Черноморец сасык тумоону көтөрө алган эмес. Анын сөөгү бир кезде өзү жашаган Токмок шаарына коюлат.

Виктор Черноморец 1942-жылы 22-июнда Казакстандын Алматы облусунда туулган. 1974-жылы КМУнун юридика факультетин аяктаган. Эмгек тажрыйбасында 2005–2008-жылдарда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясын жетектеп, президенттин иш башкармалыгынын орун басары болуп иштеген. 2010-2012-жылдарда мамлекет башчынын кеңешчиси болгон. 2011-жылы "Мамлекетке эмгек сиңирген кызматкер" наамын алган. Ал «Кыргызстан элдик кыймылы» партиясын да башкарган.

XS
SM
MD
LG