Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

РОССИЯНЫН КЕЛЕРКИ БУТАСЫ КРЫМ БОЛОБУ?


Амирбек Усманов, Прага Украина 24-августта күнкорсузудугун 17-жылдыгын белгилеп, ордолуу Киевдин Крещатик бульварынан танктар коштогон аскерлер казкатар тизилип өтүштү. Грузиядагы аскерий кризистен соң, айрым жергиликтүү серепчилер менен саясатчылар, эегемендик күнү Украинанын кубатын даңазалаган куралдуу күчтөр жакын арада урушка жөнөшү ыктымал, деп кооптонушат. Андай чатакка Крымдагы Россиянын аскерий кемелери, орус тилдүү калк жана Крым татарлары негиз болушу мүмкүн дешет алар.

Украин президенти Виктор Ющенконун Грузиянын эгемендигин колдоп Тбилисиге баруусунан жана Крымдагы россиялык кемелердин Грузиянын Батыш жээгинде грузиялык кемелерге кол салуусунан кийин, Виктор Ющенко россиялык кемелердин Украинанын сууларына кирүүсүн катаалдантууну буйруган. Бул окуялардын артынан эле ырасмий Киев Батыштын ракетадан коргонуу системасына кошулуу ниетин билдиргени Москваны быкынга сайгандай болду.

«Азаттыктын» Киевдеги кабарчысы Асколд Крушельницкийдин билдиришинче, украиналык жана чет өлкөлүк саясатчылар, дипломаттар менен талдоочулар болочокто чатак Крымда чыгышы мүмкүн деп кооптонушат.

Украиндердин 47 проценти Киев менен Москва арасында жаңжал чыгышы ыктымал деп ойлошоорун украин тилинде чыкчу «Зеркало Тыждниа» гезити бир апта мурда өткөргөн сурамжылоо да көрсөттү.

«Азаттык» радиосунун Севастополдогу кабарчысы Владимир Притуланын айтымында:

- Эксперттер Грузия-Россия арасындагы урушка чейин эле Крым боюнча Украина менен Россия ортосунда калаба чыгып кетүүсү мүмкүн экенин айтып жүрүшкөн. 2017-жылы Россиянын деңиз күчтөрү Крымдан, Севастополдон жана башка Украинага таандык порттордон чыгып кетиши шарт. Бул дата чукулдаган сайын, Украина-Россия арасында чатак мүмкүн экени жана конфликке жүйө табыла турганы жөнүндө көбүрөөк айтылчу болду.

Батышка ыктаган украин жетекчилиги 2017-жылдан кийин келишимди улантпасын эбак эле Россияга эскерткен.

Крым жарым аралындагы 2 миллион чамалуу элдин 1 миллиону орустар, 600 миңи украиндер жана 300 миңи Крым татарлары. Аймак 1954-жылга чейин Россиянын курамында болгон жана орустар Крымды өз тарыхынын ажырагыс бөлүгү деп санашат.

Серепчилер арасында Крым татарлары чатактын чыгышына өбөлгө болушу мүмкүн деген пикир күчтүү.

- Талдоочулар Крым татарларынын көйгөйлөрүнүн жөндөлбөгөнү кырдаалдын курчушуна негиз болоруна көңүл бурушат. Россиялык атайын кызматтар крым татарларын түрдүү калабага түртүп, андан соң Кара деңиз флотун региондогу коопсуздуктун жана орус тилдүү элдин укугуна кепил өтчү негизги күч деп жарыялашы мүмкүн, деп билдирет Владимир Притула.

Мурдакы советтик полковник, украин жамаатынын күйөрманы Олег Фомушкин Грузиядагы окуялардан кийин Россиянын деңиз флоту Крым үчүн өтө кооптуу экени анык болду десе, белгисиз калууну каалаган батыштык дипломат «Севастополдогу орус флоту Крым иш жүзүндө Москванын ээлигинде экенин күбөлөйт» деген пикирин айткан «Азаттыктын» кабарчысына.

XS
SM
MD
LG