Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Ошто укук коргоочу суракка чакырылып жатат


2010-жылдагы Июнь коогасында жабыркандардын укугун коргоп келаткан «Кыргыз Журтум» коомдук фондунун жетекчиси Сапаргүл Бердалиева милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» укук коргоочу өзү кабарлады.

Анын айтымында, шаардык бийлик Сапаргүл Бердалиеванын укук коргоочулук акысы бар же жок экенин текшерип берүүнү күч органдарынан суранган. Ал арыздын негизинде Ош милициясына сурак берип жатат.

- Мага карата куугунтук Ош окуясынын 77 курмандыгы жаракат алгандыгы тууралуу медициналык корутундулары бар экенине карабай үй албай калганын айтып, Ош жана Бишкек шаарларында маалымат жыйын өткөргөндөн кийин башталган, – дейт Бердалиева.

Ош мэриясынын маалымат катчысы Гүлжамал Жороева укук коргоочу тууралуу милицияга кат жөнөтүлбөгөнүн айтууда.

Бирок Шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Жаныбек Каримбердиев бул сурак мэриядан келген каттын негизинде болуп жатканын, бирок кылмыш иши козголо электигин ырастады.

Сапаргүл Бердалиева «Кыргыз Журтум» коомдук фондун 2010-жылы ачкан. (YI)

XS
SM
MD
LG