Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

Украина: Тимошенконун соту – Януковичтин өч алуусу


Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко сот залында. Киев, 31-август, 2011

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко сот залында. Киев, 31-август, 2011

Украинада экс премьер-министр Юлия Тимошенконун үстүнөн сот жүрүүдө. Оппозиция лидери 2009-жылы Орусия менен газ келишимине жаңылыш кол коюп, өлкөгө ири өлчөмдө зыян келтирди деп айыпталууда.

Бирок көпчүлүк серепчилер жана Батыш коомчулугу Тимошенкого саясый жүйөдөн улам кылмыш иши козголгонун, демократиялуу өлкөдө лидерлер саясий чечимге барганы үчүн жоопко тартылбасын айтышууда.

Талдоочулардын баамдашынча, Украинадагы эң ири оппозициячыл партиянын ана башынын соту Виктор Януковичтин бийлиги менен Батыштын мамилесин татаалдантарын азыртан эле айкын кылууда.

Саясий чечим сотко жетелегенде

Украин президенти Виктор Януковичтин орустардын “Коммерсант” басылмасына айтышынча, Киев 2009-жылы Москва менен түзгөн газ келишими Украинага жылына 5-6 миллиард доллар чыгым алып келүүдө. Бул көгүлтүр отун үчүн Германия төлөгөн баадан 200 долларга көп.

Президент Виктор Янукович Украинанын төбөлсүздүгүнүн 20 жылдыгында украиндердин руханий көсөмү, акын Тарас Шевченконун айкелине гүл чамбар кою салтанатына катышып жатканда, полиция кошумча күзөттө турат. Киев. 24-август 2011

Береги келишимге ал кездеги өкмөт башчы Юлия Тимошенко 2009-жылдын кычыраган кышында Москва газды бууп, кезектеги “төө бастысына” алганда, кризистик абалдан чыгуу үчүн уруксат берген.

Оппозициядагы эң ири "Батькивщина" партиясынын ана башы Тимошенконун үстүнөн жүрүп жаткан сотту Европа Биримдигинде, Түндүк Америкада бийликтин саясий каршылаштарынан өч алуусу катары баалашууда. Мындай пикир 7-9-сентябрда Польшанын Кынице шаарында болгон Экономикалык форумда да үстөмдүк кылды.

Тарас Кузио Вашингтондогу Жон Хопкинс университетинин алдындагы Трансатлантикалык изилдөөлөр борборунун серепчиси. Ал “Азаттыкка” курган маегинде мыйзамды сыйлаган демократиялуу өлкөлөрдө саясий чечим үчүн кылмыш жообуна тартылбасын айтты:

- Себеби Тимошенконун иш боюнча жүргүзүлгөн тергөө жемсөөлүктүн эч кандай далилдерин тапкан эмес. Бийлик Юлия Тимошенкону 1960-жылдардагы эски советтик Кылмыш кодексине таянып, натуура саясый чечим кабыл алганы үчүн жоопко тартмакчы. Мындай окуяга Европа менен Түндүк Американын демократиялуу өлкөлөрүндө эч качан жол берилбейт. Мисалы,
президент Обама өзүнөн мурдагы президент Бушту Иракка басып кирди деп, анын үстүнөн кылмыш ачты дегендей эле кеп. Себеби Обама Иракка аскер киргизүүгө каршы добуш берген. Бул же 2008-жылкы дүйнөлүк финансылык кризис үчүн лидерлерди саясий жактан айыптоо деген кеп.

Саясий талдоочу Тарас Кузио. Вашингтон. 21-декабрь, 2007

Тарас Кузионун пикирин Киевдеги Саясий изилдөөлөр борборунун директору Владимир Фесенко да колдоду. Ал ошол эле учурда Юлия Тимошенко 2008-жылы премьер-министр кезинде президент Виктор Ющенконун Жогорку Кеңешти таркатуу жөнүндөгү жарлыгын аткарууга кеңири масштабда ачыктан ачык бут тосконун баса белгиледи.

Фесенконун байкашынча, Тимошенконун ишинде саясий жүйөдөн башка да факторлор бар:

- Азыр бийликте отурган көптөгөн адамдар менен Юлия Тимошенко арасында узак жылдар калыптанган конфликттик мүнөздөгү психологиялык мотивдер да бар. Бул Тимошенкодон башка Юрий Луценкого (Украинанын мурдагы ички иштер министри) да тиешелүү. Андан тышкары экономикалык кызыкчылыктар да болууда. Атап айтканда, өкмөт Орусия менен 2009-жылы кол коюлган газ келишимин кайра кароого даярданууда. Бул жараянда мурдагы премьер-министр, ири оппозициячыл партиянын башчысы жоопкер болуп жаткандыктан, ал саясый иш катары кабыл алынууда.

Талдоочулардын жалпы пикири боюнча, президент Виктор Янукович Юлия Тимошенкого каршы кылмыш ишин эки максатта ачтырган. Биринчиси, 2004-жылкы Саргылтым ыңкылап жана андан кийинки саясий күрөш учурундагы жеңилүүлөрү үчүн өч алуу. Экинчиси, чыгаан аялды келерки жылкы парламенттик жана 2015-жылкы президенттик шайлоого катыштырбоо.

Акаев, Бакиев, Януковичтин "топурагы бирби"?

Кыргызстанда сотту саясий курал катары бийлик оппоненттерине каршы пайдалануу мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев тушунда кеңири жайылган. Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова өлкөдөгү эки ыңкылапка дал соттордун бийликке жаккан чечимдерди чыгаруусу түрткү берген деп эсептейт.

Рита Карасартова-Коомдук иликтөөлөр институтунун директору, Сот системасын реформалоо боюнча жарандык кеңештин мүчөсү. 10-август, 2011

- Себеби 2005-жылга чейин А. Акаев, андан кийин К. Бакиев дал сот тармагын өздөрүнө караттырып туруп, анын натыйжасында соттор көп эле аларга керектүү өкүмдөрдү чыгарып беришкен.

Чынын айтканда, Кыргыз Республикасындагы эки революция тең ушул соттордун мыйзамсыз чечимдеринен улам келип чыккан. Анткени шайлоо болобу, жеке менчик ишкананы улутташтыруубу же мамлекеттик мүлктү менчикке сатуубу, айтор менчикти бөлүштүрүү иштери соттор чыгарган чечимдер аркылуу жүргүзүлүп жатты. Бул элдин кыжырын келтирген. Ошентип өлкөнү эки революцияга тең алып барган соттор болду
,- деп тыянак кылат Коомдук иликтөөлөр институтунун директору Р. Карасартова.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков Украинада президенттик башкаруу болгондугуна көңүл бурду. Парламентарий көп партия бийликте турган Кыргызстан парламенттик системага өткөндүктөн сотторду президент жана премьер мурдагы күчтүү президенттик бийлик тушундагыдай өздөрү каалагандай калчай албайт деген ишенимде:


- Бүгүн Украина менен Кыргызстандагы бийликте чоң айырмачылыктар бар. Украинада күчтүү президенттик бийлик сакталууда. Кыргызстанда күчтүү президенттик бийлик акырындап жоголууда. Ошон үчүн азыркыдай өткөөл мезгилде, соттун кандайдыр бир саясий максатта колдонуусун четке какпаөыбыз керек. Бирок сотторду - күчтүү президенттик бийлик убагындагыдай - президент же премьер-министрдин мурдагы деңгээлде пайдалана албасына менин көзүм жетет.

Кийинки кездеги сот боюнча Кыргызстандын коалициялык өкмөтү ичинде жүрүп жаткан чыр-чатак, менин көз карашымча, ушул сот бийлигине таасир этүү үчүн жүрүп жаткан күрөштүн туундусу деп айтса болот. Азыр соттордун курамы үчүн оппозиция менен өкмөт эмес, бийлик ичиндеги таасирлүү топтор бири бири менен конфликтке барышууда. Бул аларда болочокку президенттик шайлоодо сотторду өз кызыкчылыгына кайсы бир деңгээлде пайдаланалы деген ойлору бар экенине далил болот.

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков. 9-февраль, 2011

Украинага кайрылсак, серепчилер, анын ичинде Тарас Кузио экс-премьердин үстүнөн жүрүп жаткан соттун эң осол жагы катары Виктор Януковичтин президенттик шайлоодо жеңилген атаандашын абакка салганын атайт:

- Бул окуянын эң жаман жагы Януковичтин президенттик шайлоодо жеңилген атаандашын түрмөгө салганы болууда. Маселе, жалгыз Юлия Тимошенкодо эмес, андан алда канча кенен. Президент Янукович сотту өз кызыкчылыгына ылайык колдонууда. Максат - Юлия Тимошенкону талкалоо. Себеби ал Виктор Януковичтин администрациясы орноткон эреже менен ойногондон баш тартууда.

Байкоочулардын айтымында, Ю.Тимошенко айымдын үстүнөн жүрүп жаткан сот Украина 2012-жылдан кечикпей Европа Биримдиги менен ратификацияланчу Ассоциация жөнүндөгү келишимди кечеңдетиши турган иш.

Андан тышкары Виктор Януковичтин Биримдиктин лидерлери менен карым катнашын татаалдантат дешет талдоочулар. Береги келишим украиндердин Биримдикке визасыз каттоосуна жана эки арада Эркин соода зонасын түзүүгө жол ачат.

Аталган келишимди түзүүгө эки жак тең ынтызар.

Бул чатакта Орусия үчүн экс-премьер Юлия Тимошенко эмес, 2009-жылкы газ келишими маанилүү. Ал эми Москва-Киев алакасынын осолдошунун башкы себеби Украинанын Орусия башындагы Бирдиктүү бажы союзуна киргенден баш тартканы. Бажы союзуна ошондой эле Беларус жана Казакстан мүчө.

Батышты, В. Фесенконун сөзүнө караганда, Тимошенконун үстүнөн жүрүп жаткан сотто Украинадагы демократиянын болочогу тынчсыздандырат.

XS
SM
MD
LG