Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Юлия Тимошенко жети жылга кесилди


Сот өкүмүн угузуп жаткан маалда, 11-октябрь, 2011-жыл
Сот өкүмүн угузуп жаткан маалда, 11-октябрь, 2011-жыл

Киевде аймактык сот Орусия менен түзүлгөн газ келишимине байланыштуу мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун иши боюнча сот өкүмү жарыяланды. Тимошенко 11-октябрда кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деген айып боюнча жети жылга кесилди.

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко мындан бир жарым жыл мурда жетишилген газ келишимине байланыштуу жети жылга кесилди. Тимошенконун "Бүт Украина биримдиги" партиясынын маалымат катчысы сот өкүмүн апелляцияга берерин билдирди.

Сот Родион Киреев Тимошенконун ишмердүүлүгү мамлекетти бир жарым миллион гривна чыгашага учуратканын билдирди (бул болжол менен 190 миллион долларга барабар):

Соттун жүрүшүнөн бир көрүнүш, 11-октябрь, 2011-жыл
Соттун жүрүшүнөн бир көрүнүш, 11-октябрь, 2011-жыл
​– Юлия Владимировна Тимошенко Украинанын Кылмыш кодексинин 365-беренесинин үчүнчү бөлүмүндөгү кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылды. Ага ошондой эле өкмөттүк кызматта иштөөгө, уюштуруучулук, башкаруучу, административдик жана экономикалык иштерге аралашууга үч жылга тыюу салынды.

Айыптоолор 2009-жылдын январында Тимошенко менен Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин макулдашкан 10 жылдык жаратылыш газын Украинага экспорттоо келишимине байланышкан.

Соттун көлөмдүү айыптоосун сыртта чогулган Тимошенконун миңдеген жактоочулары нааразы болуп кабыл алышты. Тополоңго жол бербөө үчүн Киевдин борборундагы Печерск районундагы имараттын айланасында жүздөгөн тартип коргоочу саксактап турду.

Президент Виктор Януковичтин башкы саясий атаандашы болгон Тимошенкону мамлекеттик прокурорлор газ келишимин мыйзамсыз жол менен өткөргөн деп айыпташкан.

Газ келишимине кол коюу учурунда, 19-январь, 2009-жыл
Газ келишимине кол коюу учурунда, 19-январь, 2009-жыл
​Януковичтин өкмөтү бул келишим Орусиянын "Газпром" ишканасына газ үчүн ашыкча акча төлөнүшүнө алып келген деп айтып келет.

Бирок 2004-жылдагы Саргылт ыңкылаптын жол башчысы катары дүйнөгө таанылган Тимошенко мындай айыптоону мойнуна алган эмес. Ал ыңкылапка байланыштуу Януковичтин президент болуу ниети таш капкан эле.

Тимошенко бул сот ишин былтыркы президенттик шайлоодо өзүн аз сандагы добуштар менен жеңип алган Януковичтин өч алуусу деп эсептейт.

Сот өкүмү окулуп жаткандагы танаписте Юлия Тимошенко кабарчылардын суроолоруна жооп берип, соттун чечимин саясатка байланыштырды:

Дүйнөдө да, Украинада да эч ким сотто жарыяланган кылмыштардын бирине да ишенбейт. Ошондуктан Янукович же башка бирөө мени жаманатты кыла албайт.

Тимошенконун тарапкерлеринин нааразылык акциясы, 11-октябрь, 2011-жыл
Тимошенконун тарапкерлеринин нааразылык акциясы, 11-октябрь, 2011-жыл
Тимошенко ошондой эле украин элин өздөрүн жана Украинаны коргоп, Януковичтин режимине каршы көтөрүлүүгө чакырды.

Дүйнө демекчи, АКШ менен Европа биримдиги башынан эле Украинада Тимошенкого каршы мыйзам бир жактуу колдонулуп жаткандыгына тынчсыздануу билдиришкен.

Брюсселде булактар сот иши акыйкатсыз деп бааланса, Украинанын Евробиримдик менен алакасына зак кетерин эскертишүүдө.

Ушундан улам Киевдин өкмөтү эл аралык коомчулуктун көңүлүн алуунун амалын издөөгө мажбур. Буга далил - жакында Жогорку Радага же парламентке тапшырылган мыйзамдын долбоорунда Тимошенко соттолгон мыйзам беренеси кылмыштардын тизмесинен алып салуу каралган. Эгер бул мыйзам өтүп кетсе, экс-премьер-министрдин акталышына жол ачылат.

XS
SM
MD
LG