Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

АКШ - Орусия Крым кризисин жөндөөнү сүйлөшөт


Украина -- Украин аба күчтөрүнүн учкучтары Севастополдун жанындагы Белбек авиабазасына марш жасоодо. 4-март, 2014.
Украина -- Украин аба күчтөрүнүн учкучтары Севастополдун жанындагы Белбек авиабазасына марш жасоодо. 4-март, 2014.

Крымдагы курч жагдайдан чыгуу маселесин АКШнын мамкатчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров талкуулаганы жатат. Сүйлөшүү 5-мартта Парижде Ливан боюнча өтүп жаткан конференциядан тыш убакта болот. Кризисти жөндөө жолун АКШ жана Германиянын лидерлери талкуулашканы маалымдалды.

4-мартта АКШ президенти Барак Обама Орусиянын Крым жарым аралына аскер киргизүүсүн “баскынчылык” деп мүнөздөдү: “Азырга чейин Крымдагы базалардан сырт жакта аскерлердин жүргөнү - ал жакта болгон окуяларга - Украинадагы орусиялык жарандардын, же орус тилдүүлөрдүн тагдырына тынчсыздануу негиз болбогонун, Орусия коңшу өлкөгө күч менен таасир этүүгө аракеттенгенин көрсөтөт. Эл аралык мыйзам мындай иштебейт.”

Ошол эле шейшемби күнү президент Владимир Путин Орусия армиясынын Крымдагы окуяларга катыштыгы жок, Украинанын аскердик базаларын “жергиликтүү элдин өзүн коргоочу” күчтөрү курчап алды деп айтты. Бирок орус улутундагылар менен орус тилдүүлөрдү коргоо үчүн аскерлер Украинага жөнөтүлүшү ыктымалдыгын Путин жокко чыгарбады: ”Аскерлерди пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтсам, азыр андай зарылдык жок. Бирок андай мүмкүнчүлүк бар.”

4-мартта Киевге шашылыш келген АКШнын мамкатчысы Жон Керри орусиялык аскерлердин Крымдагы аракеттерин Украинага басып кирүү деп сыпаттап, Москва азыр дагы өлкө тереңине басып киргенге шылтоо издеп жатат деди. Ошондой эле Москва конфликтти деэскалациялоо үчүн аракет кылбаса, тиешелүү чара көрүлөрүн эскерте кетти:

- Эгер Орусия жаңжалды басаңдатууну колдобойм деп чечсе, Украина өкмөтү менен түздөн-түз иштебесе (биз алар кызматташат деп үмүт кылабыз), өнөктөштүрүбүздө бизге кошулуп, Орусияны дипломаттык, экономикалык жана эл аралык форматта камалоо боюнча биз жасачу чараларга кошулгандан башка арга калбайт. Мен Орусиянын жетекчилигине: Бул биз жасайлы деген нерсе эмес, бул - Орусиянын тандоосу бизди жасаганга түрткөн нерсенин бири, - деп баса айтам.

Маалымат булактарынын билдиришинче, Барак Обама Украинадагы кризистен чыгуунун планын Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон сүйлөшүүсүндө талкуулады. Сунушка ылайык, Москва Крымдагы аскерлерин Кара деңиз флотунун жарым аралдагы базаларына чыгарып кетип, ал жакта жашаган орустардын укуктарынын корголушун камсыздоо үчүн Крымга эл арачылык байкоочуларды киргизүүгө макулдук бериши абзел. Андан тышкары Орусия менен Украинанын жаңы өкмөтү арасында түз сүйлөшүү өткөрүү планда каралганын Ройтерс агенттиги маалымдады.

Орусия болсо Украинадагы жагдайды жөнгө салуу 21-февралда- Евробиримдиктин арачылыгы астында - украин оппозициясынын лидерлери жана президент Янукович кол койгон келишимге негизделиш керек дейт. Бул жөнүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шейшемби күнү Мадридде Биримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштонго айтканы кабарланды. Аталган келишимге ылайык, Украинанын бардык региондорунун кызыкчылыгын эске алган конституциялык реформа жүргүзүлүп, улуттук биримдик өкмөтү түзүлүп, “мыйзамсыз куралдуу отряддар куралсыздандырылып, көчөлөрдөн чыгарлыш керек” экени Мадриддеги кездешүүдөн кийинки билдирүүдө көрсөтүлөт.

Украинанын утурумдук премьер-министри Арсений Яценюк кризисти жөнгөрүү максатында анын өкмөтү Орусиянын жетекчилиги менен байланышканын билдирди. Бул байланышты Яценюк “алсыз, бирок биринчи кадам” деп атады.

XS
SM
MD
LG