Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Акыйкатчы Ала-Букадагы окуя боюнча Башкы прокуратурага кайрылды


Акыйкатчы Кубат Оторбаев Ала-Букада диний ишенимине байланыштуу үч ирет жерге берилген аялдын окуясын терең иликтөөнү сурап Башкы прокуратурага кат жолдоду. Анда адам укуктарын бузганы үчүн Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын жана Ала-Бука районунун Сары-Талаа айыл өкмөтүндө иштеген жооптуу кишилерге чара колдонуу маселеси көтөрүлгөн.

Сары-Талаа айылында 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жерге берүүдө талаш чыккан. Ал башка динге өтүп кеткени жүйөө келтирилип, жергиликтүүлөр сөөктү мүрзөдөн эки ирет чыгарып салышкан. Кийинчерээк жабырлануучу тарап буга 10-башкармалыктын өкүлдөрү да аралашканы билдиришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG