Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Украина: согуштан качкан "мекенчилдер"


Согушка жаңы аттангандар. Украина. 2015-жыл.
Согушка жаңы аттангандар. Украина. 2015-жыл.

Украинанын батышындагы облустардын тургундары 2014-жылы президент Виктор Януковичти бийликтен кетирген Киевдеги нааразылык акциянын чордонунда турган.

Былтыр апрелде өлкө чыгышында согуш башталгандан бери бул аймактар өз азаматтарын урушка жөнөтүүгө моюн толгоо күчөдү деп сындалууда. Аскерге жарамдуу көпчүлүк эркектер мекенчилдик өкмөттү сүйүү дегенди билдирбейт дешет.

Батыш Украинанын Львов шаарына ныпталаш Малеховдо 2400 адам жашайт. Азыр бул кыштактан 19 адам Донбасста орусиячыл жикчилдер менен согушта жүрөт. Төрт адам майданда алган жараатынан дарыланууда.

Январда кыштак Луганск облусунда бир уулун жоготту. Польшада жасалган 75 евролук ок өтпөс чыптама Тарас Дорошту коргой албаптыр. Снайпер аткан ок коргошун плиткалардын арасындагы жылчыктан өтүп, 27 жаштагы жоокерди сулаткан. Соңку маалыматтарга караганда, былтыр апрелден бери Чыгыш Украинада жоокерлер жана жөн-жай адамдар кошулуп, 6 миңге жакын адам өлдү.

Украин армиясы
Украин армиясы

Украин өкмөтү 20-январда 100 миң адамга мобилизация жарыялады. Анын 3 миңи Львов облусунан. Бирок согушка барганга ынтызарлар аз.

Малеховдон соңку үч жумада 78 адамга аскер комиссариатынан чакыруу келген. Кыштактын старостасы Владимир Сеньковскийдин айтымында, ал чакырылган ар он адамдын экөө же үчөөсүн гана үйүнөн тапкан.

Аскердик прокуратура аскерден качкандар боюнча 1300дөн көп кылмыш ишин ачкан. Алардын ичинде элди мобилизацияга каршы үндөгөн иванофранковскилик журналист Руслан Коцаба да бар.

Февралдын башында Львов облустук аскер комиссариаты армиядан качкан 2 миңден ашуун адамды кармоо максатында эки күн бою автоунааларды текшерди. Комиссар Александр Тищенконун айтымында, рейд учурунда ондогон качкындар кармалган.

- Биз адамдарды табуу үчүн бир катар чараларды кабыл алдык. Тилекке каршы көптөгөн жарандар мобилизациядан качканга аракет кылууда. Биз алардан чет өлкөдөмүн, же командировкада жүрөм, же бул дарек боюнча жашабай калгам деген каттарды алуудабыз. Бирок алар Львовдо ээр-эркин жүргөнүн аныктадык.

Ошентсе да Тищенко мобилизация өнөктүгү Ивано-Франковск жана чыгыштагы Харьков облустарына караганда Львов жеринде жакшы жүрүүдө дейт. Мисалы, 13-февралда Львовдон чакырылган 574 адамдын 472си келген.

Майданга 25 жаштан өйдө курактагылар гана алынат. Оорукчандар, жаш балалуулар же үйүндө майып адамы барлар армиядан бошотулган.

Украин жоокерлери
Украин жоокерлери

Львовго катар коңшулары Тернополь жана Иваново-Франковск облустарынын өкүлдөрү 2014-жылы Виктор Януковичти президенттиктен оодарган майданчылардын уюткусун түзгөн деп саналат. Бирок аталган үч облуста мобилизациядан качуу көбөйгөн. Алар жөнүндө президент Порошенконун аскерий кеңешчиси Юрий Бирюков жакында Фейсбукта жалпылап минтип жазды:

- Ал тамагы бүткөнчө “Украинага даңк” деп кыйкырат, өзүн ар кимге "чыныгы мекенчилмин" деп айтат. Ал Киевдеги бийликтин алсыздыгын жек көрөт жана шилекейин чачыратып, орус тилин колдонуу москвалыктардын жышаанасы деп далилдегенге далалат кылат. Жүрөгү жок наадан куйругун катып, комиссардан жашынат.

30 жаштагы Михайлого али чакыруу келе элек. Анын айтымында, майданга аттанчулар жакшы машыктырылбайт, атүгүл автомат атышпайт.

- Мобилизация жүрүүдө, адамдар машыгуудан өтүш керек, бирок атканга эч нерсе жок. Антитеррордук операцияга каражат бөлүнгөн. Ал акча эмне болду? Эгер ар нерсе өз ырааты менен аткарылса, армия элдин камын көрөт.

29 жаштагы Юрийдин пикиринде, согушка катышкандарга берилчү социалдык көмөк пул жана башка компенсациялар көбөйтүлүүгө тийиш.

- Өкмөт мобилизацияны өтө жаман уюштурууда. Майданда көп адамдар өлүүдө жана адамдар урушка баргандан коркушат. Эгер согуштан келгендерге айрым социалдык колдоо көрсөтүлсө, адамдар эмне үчүн согушуп жүргөнүн билишмек.

Согушка баруу үчүн даярдык көргөндөр
Согушка баруу үчүн даярдык көргөндөр

Анткен менен мекенди коргоону ыйык милдет деп билген ыктыярдуулар да бар. Алардын бири - 51 жаштагы Львовдун тургуну Игорь.

- Мен урушка барам, мени тизмеге кошкула дедим. Мен аларды мажбурладым. Өз ыктыярым менен баратам. Өлтүрүү үчүн эмес, адамдардын жанын сактоо үчүн барам. Мен динчил адаммын. Биздин саясатчылардын бири "силерге эч ким: Европа болсун, Америка болсун жардам бербейт, жалгыз Кудай жардам берет" деди. Эгер уруш болуп жатса, Кудай ага жол койду.

Игорь эки баланын атасы. Кызы Боженка 2, уулу Назар 14 жашта.

Украин өкмөтү абалды оңдоо үчүн жөнөкөй жоокерлердин айлык маянасын 10 миң гривнага же 383 долларга чыгарды. Бул Львовдогу орточо айлыктан үч эсе көп. Андан тышкары согушка катышты деген документ ала албай жүргөн ыктыярдуу отряддардын мүчөлөрү бекер дарыланат, башка көмөк берилет деп убада кылынды.

XS
SM
MD
LG